Чубак ажынын төшөк жаңыртышы. Токол маселеси кайрадан кызыл чеке түшүргөндө

© Sputnik / Табылды КадырбековАалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү
Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалиловдун архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чубак ажы Жалиловдун экинчи аял алып өзүм башка эркектерге үлгү болуп бердим деген сөзү коомдо кайчы пикирлерди жаратты. Бир тарабы муну мыйзамга каршы келет десе, экинчи тарабы шарият тыюу салбай турганын айтууда.

БИШКЕК, 28-ноя. — Sputnik. Кечээ Аалымдар кеңешинин мүчөсү Чубак ажы Жалилов экинчи аял алганын ачыктап, ошондой эле башкаларды да көп аялдуулукка үндөдү делген видео интернет айдыңына жарыяланды.

Sputnik Кыргызстан агенттиги буга диний жана мыйзам жагынан кандай баа берилерине баам салды.

Чубак ажы Жалилов окурмандардын "сизди экинчи аял алды деп уктук, ошол чынбы?" деп жазып жөнөткөн суроосуна "мунун баары туура" деп жооп берген.

"Үйлөнгөндүгүм чын. Бирок байбичем менен ажырашкан жокмун. Ал бир аз капа болуп жатат. Капа болууга, кызганууга укугу бар. Мен жолдошу каза болуп жесир калган аялга үйлөндүм. Ал жашы 30дан өтүп калган келин, Түркияда бала багып иштеп жүргөн. Үйлөнүүгө ниетим жок эле, мен ушундай жол менен элге үлгү болуп берейин дедим. Кыздарыбыз кор болуп талаалап жүрөт, аларды камкордукка алышыбыз керек. Жашырган жерим жок. Атам, карындаштарым менен барып каадасы менен алып кеттик", — деп айткан аалым.

Ал эми Чубак ажынын өзү менен байланышканыбызда бул боюнча эч кандай комментарий бербей турганын айтты.

Укуктук баа берилиши керек

Видео жарыяланары менен соцтармакта талкууга түштү. Элдин бир тарабы муну мыйзамга каршы келет десе, экинчи тарабы шарият тыюу салбай турганын айтууда.

Жубайлар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажырашуу азабы эмнеден келип чыгат? Үй-бүлөлүк чыр-чатактын себептери
Ал эми "Кылым шамы" адам укугун коргоо борбору прокуратурага арыз жаза турганын анын жетекчиси Азиза Абдрасулова Facebook баракчасына жазды. Анын өзүнө кайрылганыбызда Чубак ажы өзү мыйзамды бузуп, башкаларга да көп аял алууга чакырык таштап жатканын белгиледи.

"Ал киши мыйзамды бузганын мойнуна алып, экинчи аял алганын айтты. Буга жубайы нааразы болгонун да ачыктады. Андан кийин "мына мен үлгү болуп бердим, ала бергиле" деп жатат. Ошол эле убакта аялдарга силер жолтоо болбогула, чыдагыла дегенин көрүүгө болот. Мындан улам "Кылым шамы" адам укугун коргоо борбору Бишкек шаардык прокуратурасына расмий арыз менен кайрылып, Чубак ажынын аракеттерине укуктук баа берүүсүн сурайт", — деди ал.

Шариятта үйлөнүү арам нерсе эмес

Муфтияттын маалымат кызматы бул боюнча эч кандай пикирин айта албай турганын билдирди.

"Бул адамдын жеке иши болгондуктан муфтият өз пикирин айтуудан баш тартат", — деди мекеменин маалымат кызматы.

Ал эми Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев Чубак ажы Жалилов өзүнүн сөзү менен эки аял алууга буйрук бербегенин, жөн гана шариятта болгон нерсени айткан деген пикирин билдирди.

© Фото / Акматов ТынчтыкАалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев
Ректор Исламского университета Кыргызстана Марс Ибраев - Sputnik Кыргызстан
Аалымдар кеңешинин төрагасынын орун басары Марс Ибраев

"Бул анын жеке турмушу, үй-бүлөлүк маселесин өзү гана чечет. Биз расмий пикир айта албайбыз. Шариятта үйлөнүү арам нерсе эмес. Адилеттүү карап, моралдык жана материалдык укуктарын тебелебесе 3-4 аял алууга уруксат берилет. Бирок бул буйрук эмес, жөн гана уруксат экенин түшүнүү керек. Кыргызстанда бир эле адам эки аял менен жашап жаткан жок да. Мындан көйгөйлүү маселе жаратууга негиз жок. Кыздар кордолуп же дининен, же улутунан жок болгондон көрө ушул жерде болгону жакшы эмеспи. Чубак ажы илимдүү, билимдүү инсан, эрки жана дарамети жеткени ушундай кадамга барды деп эсептейм", — деди Ибраев.

Мыйзам жоопкерчилиги кандай

Үйлөнүү үлпөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көп аялдуулук: алы жеткени алсын, жетпегени калсын
Анткен менен Кыргызстандын Конституциясы көп аялдуулукка тыюу салат. Кылмыш жаза кодексинин 153-беренесинде эки же андан көп аял алганда, башкача айтканда, жалпы чарба жүргүзүп, эки же андан көп аял менен чогуу жашагандар эки жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратылат деп жазылган.

Үй-бүлө жана молдолордун нике кыюусуна багытталган мыйзам долбоолорду демилгелеп келген Жогорку Кеңештин депутаты Аида Салянова Facebook баракчасына көп аял алуу кылмыш экенин баса белгиледи.

"Өтө өкүнүчтүү… Мамлекеттин мыйзамдарына баш ийишибиз керек деп насаат айткан Чубак ажы мусулмандарды мыйзам бузууга чакырды. Мен биринчи үлгү болуп берейин дептир. Буга көңүл бурбасак, эртең башка мыйзамдар боюнча чакырыктар болбойт деп ким кепилдик берет? Мындай ойду колдогондор эч качан абийир тапкан эмес", — деп жазган.

Чубак ажы Жалилов 2010-2012-жылдары Кыргызстандын муфтийи кызматын аркалаган. Учурда Аалымдар кеңешинин мүчөсү.

Жаңылыктар түрмөгү
0