Кыргызстан учурда кагаз бетинде болсо да мыйзам менен жашайбыз. Дегеним, ээнбаштыкка барсак да, мыйзам, тартип жана эреже деген нерсе бар. Дал ушул мыйзамдын тарыхы адатка барып такалат. Тагыраагы, мыйзамдын бир булагы — адат. Ал эми адат дегенибиз, кагаз бетине түшүрүлбөгөн, жашоонун нугу менен, элдин суроо-талабынан улам жаралып, калыптанган түшүнүк. Мына ушул түшүнүктүн бири, көпчүлүк учурда акчалуулар адатка айланткан, анан барып маселе актуалдуу болгондуктан мыйзам менен чектемиш этилген көп аялдуулук.
Жогоруда токтолгондой эле, маселенин тамыры тереңге барып такалат. Кылымдарды карыткан кыргыздар, деги эле бүткүл адамзат менен кошо келе жаткан бул маселе бүгүн да, эртең да актуалдуу бойдон кала берет. Сизге кыйналып, түшүндүрөйүн дегеним, көп аялдуулукка суроо-талап ар убак болгон жана боло берет. Болбосо буга чейин эле унутулуп, азыркы муун "ой тобоо, илгеркилер эки аял алчу экен", — деп тарыхый китептерден окуп калмакпыз.
Конституциядан айырмаланып, Куранда көп аялдуулукка уруксат берилген. Көпчүлүк эркектер шариятка жамынып, Куранда уруксат берилген деген менен, укугун гана билип, милдеттерин унутушкан. Дин аалымдарынын айтымында, негизги талаптардын бири "эркек аялдарына адилеттүү боло алса гана үйлөнсүн" делген. Анан да, жесир калган, кичинекей балдары менен аялдарды багуу үчүн алышкан. Жалпак тил менен айтканда, жаш аял алып, мурункусун унутуп койгон жарабайт. Баса, шарият деген соң андагы милдеттерди да толук аткаруу керек.
Көпчүлүк учурда капчыгы калыңдап калган эркектер экинчи аял алаарын баары эле билет. Ал эми көңүлдөш күткөн аялдарда да бар экенин угуп эле жүрсөңүз керек. Андыктан бир тараптуу айыптоо орунсуз. Деги эле адам баласы жылкы мүнөз эмеспи…
Эркектер бир аялдын 4чү күйөөсү болууга эч качан макул болбойт
Экинчи аял алган эркек ала жипти аттабай калат деп эч ким кепилдик бере албайт. Кыз жандуу болсо, төрт аял деле аздык кылышы мүмкүн. Ал ортодо ар эненин балдары ынтымак тапса жакшы, болбой калса байкуш эркектин шору.
Жалпылап айтканда, агып жаткан дарыянын нугун бузуунун кажети жок. Кылымдап өз нугу менен аккан дарыя ага берсин. Аны ачып жибериштин да, бууп салыш да болбойт. Алы, эрки жеткени алат, жетпегени калат.
Автордун пикири редакциянын көз карашы менен дал келбеши мүмкүн