Жалилов Чубак Тажибаевич — өмүр баян

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с Чубак ажы Жалиловым
Интервью с Чубак ажы Жалиловым - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экс-муфтий 1975-жылдын 21-январында Жалал-Абад облусуна караштуу Базар-Коргон районундагы Бай-Мундуз айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетин аяктаган.

Сауд Аравиядагы "Умм аль-Куро" эл аралык университетинин алдындагы араб тили институтунда араб тили, андан соң фикх боюнча билимин жогорулаткан.

Орто мектепти алтын медаль, ал эми жогорку окуу жайларды кызыл диплом менен бүтүргөн.

Эмгек жолу:

  • 1995-1998 — Кыргыз улуттук университетинин чыгыш таануу факультетинде араб тили сабагынан мугалим;
  • 2005-2007 — Бүткүл дүйнөлүк ислам лигасынын Орто Азия боюнча эксперти;
  • 2008-2010 — Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгында фатва бөлүмүнүн жетекчиси, Азирети Умар атындагы Кыргызстан ислам университетинде мугалими;
  • 2010-2012 — Кыргызстандын азирети муфтийи;
  • 2020-жылдын 11-июлунда оорудан улам каза болду.

Үй-бүлөлүү, 3 уул, 2 кыздын атасы. Орус, араб тилдеринде эркин сүйлөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0