БИШКЕК, 26-ноя. — Sputnik. Кыргызстандык спортчулар пауэрлифтинг боюнча дүйнө биринчилигине катышат. Бул тууралуу Жаштар иши, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мүмкүнчүлүгү чектелгендер арасындагы чемпионат 29-ноябрдан 7-декабрга чейин Мехико шаарында өтөт. Кыргызстандын атынан аталган мелдешке беш спортчу катышып, алар Мексикага 29-ноябрда учуп кетишет.
Спортчуларды мелдешке катыштыруу үчүн Олимпиадалык эмес спорттун түрлөрү боюнча дирекция эки миллион сомго жакын акча бөлдү.