БИШКЕК, 10-ноя. — Sputnik. Америкалык теле алып баруучу Эллен Дедженеристин аялы Порша де Росси актер жана продюсер Стивен Сигал ага асылганын айтып чыкты. Бул тууралуу The Guardian басылмасы билдирди.
Ал жакында эле Twitter баракчасына Сигал тасмалардын бирине даярдык көрүлүп жаткан учурда ага тийишкенин жазган.
"Ал мени отургузуп туруп, булгары шымын чечти. Мен качып чыгып, агентиме чалдым. Ал мага камырабай "ал сага жакпай турганын кайдан билиптирмин" деп жооп берди", — деп жазды ал.
Сигалдын ашынган аракеттери тууралуу актрисалар Рэй Дон Чонг менен Лиза Герреро дагы билдиришкен. Герреронун айтымында, актер аны маекке чакырганда халатчан отурган.
Белгилей кетсек, Стивен Сигал Кыргызстанда өткөн дүйнөлүк Көчмөндөр оюндарынын ыктыярдуу элчиси болуп саналат.