…Айсалкын он жылга жакын убактысын темир тор артында өткөрдү. Бул жакка күйөөсүн мууздап салганы үчүн түшкөн. Балдарын социалдык камкордук органдары алып кетсе, ата-энеси кызынан жүз буруп кетишкен. Ошентип очок ээси бир заматта баарынан кол жууп калган.
Милициянын полковниги, ИИМдин коомдук коопсуздук кызматынын ага инспектору Таалайбек Алижанов жыл сайын үй-бүлөлүк зомбулук тууралуу 7000ге чукул арыз түшөрүн айтып берди.
"Биздин аялдар күйөөлөрүнөн токмок жегенин айткандан коркушат, мында жолдошунун каары эмес, коомчулуктун пикири айбыктырат. Жолдошунун кол көтөрүшүн алар кадыресе көрүнүш деп эсептейт, таптакыр болбой калганда гана күрөшүү керектигин түшүнөт. Милицияга түшкөн арыздардын дээрлик бардыгы жумушсуздук менен ичкилик үстөмдүк кылган үй-бүлөлөрдүн тарыхы", — деди Алижанов.
Качан эмне болуп кетет деп күн кечирген Айсалкын да корккон, бирок чыдамы түгөнгөн келин кол көтөргөнү камынып келаткан күйөөсүн бычактап салган. Андан кийин милицияны өзү чакырып, жасаганынан жашырбай, төкпөй-чачпай айтып берген. Бул маалда балдар эшикте ойноп жүргөн.
Сот Айсалкынды 10 жылга эркинен ажыратты.
Аялы менен балдарын ур-тепкиге алган киши кандай жазаланат?
Ушул жазда "Үй-бүлөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо" мыйзамы кабыл алынып, үй-бүлөлүк зомбулуктан коргоочу айрым мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүү чечими кабыл алынган. Эгер бул мыйзамда жазылган шарттар бузулса, зөөкүр административдик жоопкерчиликке, коомдук иштерге тартылып, эки миң сомго чейин айып төлөп берет. Ошондой эле ага психологдун коштоосу менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Учурда ИИМ бул көйгөйдү чечүү концепциясын иштеп чыгууда.
ИИМдин маалыматына караганда, 2017-жылдын алты айында зордук-зомбулук боюнча төрт миң арыз келип түшкөн. Дагы көптөгөн иликтөө иштеринин башталышына зомбулукка капысынан эле күбө болуп калган бөтөн адамдардын арыздануусу себеп болгон. Тагыраагы, мындай учур 140 жолу катталып, баары сотко өткөн.
Урса мейли, чыдайм. Үй-бүлөнү бакса болду
Бул жакта менталитет аялдарды бардык нерсеге баш ийдирип коет, ал эми үй-бүлөдөгү теңсиздик менен күрөшүү куру сөз бойдон кала берет экен деген пикирин Демократиялык процесстерди изилдөө борборунун жетекчиси Лариса Илибезова билдирди.
Адистин айтымында, бул көйгөй коомдун бир гана аз камсыз болгон катмарында эмес. Өзү бийик, сөзү бийик деп эсептелген үй-бүлөдө да орой мамилеге кабылган аялдардын саны оголе көп. Бирок ар кандай жагдайлардан улам аялдар аны ачыктай алышпайт.
Ал бизге азаптуу турмушу туурасында айтып берип отурду.
"Токмок жегенимди кайындарыма айтайын деген аракетим кайра өзүмдүн башыма урулган балта болду. Алардан "калп айтпа, биздин баланы ошого сен жеткирип жатасың" деген сөздөрдү уктум. Өз ата-энеме айткандан тартындым. Күйөөм балдарым карап турса да урат, анысы аз келгенсип, кенже баламдын көзүнчө зордуктап койду. Мас болчу. Акчадан көз каранды болгонум үчүн эч нерсе дей албайм. Башка эркекке эми керегим барбы. Айла жоктон чыдап, жашап жүрөм", — деди ал.
Аялдардын кризистик борборунун президенти Толкун Төлөкова келиндердин барар жери жок болгондуктан, кызыл камчы күйөөлөрүнө чыдап жашап келе жатышат деп түшүндүрдү. Аларды баш калкалата турган шелтер деп аталган жайлар азыр андай келиндерге толуп кеткен.
"Аялдар мындай зомбулуктан өз учурунда коргоно албагандыктан, балдары да азап тартууда. Кичинекей экенине карабай кыздар "аа, урса болот берет" деп түшүнөт. Ал эми эркек балдар да ошого барат, себеби энеси качандыр бир кезде атасы кол көтөргөндө аны токтоткон эмес. Мамлекет зомбулукка каршы күрөшүү боюнча программага акча жумшап, келечекте көп каражатты үнөмдөп кала алат. Маселен, бир соттук териштирүүлөргө орто эсеп менен миллион кетет. Шелтерлерди камсыздоо да ошол суммага жакындап барат", — деген пикирин билдирди Төлөкова.
Республикада үй-бүлө психологдору абдан аз болгону менен алар аталган маселени чечүүдө үй-бүлөлөргө кеңеш берүүдө өтө компетенттүү экендигин айтат. Зомбулуктан арылууга умтулуу кишинин өзүндө болушу зарыл. Ага айланасындагылар таасири бериши да мүмкүн. Жазында кабыл алынган мыйзам буга башкалардын кийлигишүүсүнө, мындай зомбулукту токтотууга мүмкүнчүлүк берет.