00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
5 мин
Будь в курсе
1 апреля стартует электронная запись в школы: как избежать проблем прошлого года?
08:05
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Батирлер кайра кымбаттайбы — Кыймылсыз мүлк рыногундагы абалга саресеп
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Туризм на износ: как застройка побережья убивает экосистему Иссык-Куля
10:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жогорку Кеңештин төрагасынын алдында Жаштар кеңеши түзүлдү — эмне иш кылат?
11:04
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто будет поливать? Главный вопрос к новому проекту по высадке 2500 гектаров леса
12:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
ЕАЭБ өлкөлөрүндө илимий даажалар таанылат. Иш кайсы процесске келди?
13:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Күбө: айдоочу күйүп жатканда биз эч нерсе кыла алган жокпуз

© Sputnik / Валерий Мельников / Медиабанкка өтүүКүйүп жаткан автоунаа. Архив
Күйүп жаткан автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкектин чок ортосунда болгон жол кырсыгы беш кишинин өмүрүн алган

БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. Күбөлөр Бишкектеги Asia Mall соода борборунун жанында болгон ири жол кырсыгынын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине айтып беришти.

Белгилей кетсек, жекшемби күнү таңкы саат 4:30дар чамасында Бишкектин чок ортосунда жол кырсыгы катталып, ал беш кишинин өмүрүн алган.

Тез жардам автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Азия Молл" борборундагы жол кырсыктын чоо-жайын милиция айтып берди
Такси айдап иштеген күбө кардарды салып алып, Айтматов проспектиси менен кетип баратканда жолдо Toyota Camry менен Lexus IS үлгүсүндөгү автоунаалардын кагышканын көргөнүн айтып берди. Ал машинасын дароо токтотуп, жардам берүү үчүн чуркаган. Camry машинасынын арткы орундугунан эс-учун жоготкон эки баланы алып чыгышкан. Camry күйүп баштаганда өрт Lexus автоунаасына дагы жармашат экен деп чочулап, аны бир канча метр ары жерге сүйрөп барышкан.

"Camry автоунаасынын айдоочусу рул менен отургучтун ортосуна кыпчылып калыптыр. Машина күйүп жатат, биз аны чыгарууга аракеттерди көрдүк, майнап чыккан жок. Ал эс-учун жоготуптур. Ашып кетсе 22 жашта болсо керек. Машинаны өрт каптап кетти. Ары-бери чуркап жүрөбүз. Кимдир бирөө өрт өчүрүүчү баллондорду алып келди, бирок ал ойдогудай иштебей койду. Жалын машинаны толук каптаганда биз эч нерсе жасай албай тургандыгыбызды түшүндүк. Анын күйүп жатканын көрдүк, колубуздан эч нерсе келген жок…", — деди такси айдоочусу.

Ал ошондой эле кырсык болгон жерге жүздөн ашык киши чогулуп калганын айтты. Алар машина жарылат деп чочулашып, андан алыстап жатышканын билдирди

Бир нече убакыттан кийин өрт өчүрүүчүлөр келишип, он мүнөттөй өрт менен алышкан.

ДТП по проспекту Чингиза Айтматова в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Asia Mall борборунун жанында кырсыктап күйүп кеткен унаа видеого тартып алынган
"Жолдо эс-учун жоготкон балдар жатты. Эки кызды машинадан чыгардык, дагы бир кыз газондо жатыптыр. Эки машинанын ичиндегилер жарашыктуу кийинишкен экен, түнү бою майрамдашса керек. Бардыгы тең жаш, улуусу ашып кетсе 25 жашта. Мындайды биринчи жолу көрүшүм. Кагышуу катуу болгон окшойт, машинанын калдыктары 200 метрге чейин чачырап кетиптир. Жолдо машинанын тормозун басканда калчу так деле жок", — деди күбө.

Ал ошондой эле жол кырсыгы болгон жерде тартылган видеону жөнөттү.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча жол кырсыгынан беш киши каза болуп, үчөө ооруканага жаткырылган.

Кайгуул милициясы таңда болгон жол кырсыгынан беш киши каза болгонун Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине тастыктады.

Жаңылыктар түрмөгү
0