БИШКЕК, 5-ноя. — Sputnik. ИИМдин Кайгуул милиция башкармалыгынын маалымат кызматы Чыңгыз Айтматов проспектисиндеги ири жол кырсыгынын чоо-жайын Sputnik Кыргызстан агенттигине маалымдады.
Жол кырсык 5-ноябрь күнү, эртең мененки саат 4.15дер чамасында "Азия Молл" соода борборуна жакын жерден катталган. Анын кесепетинен беш киши көз жумган.
Жол эрежесин бузган айдоочунун унаасында беш адам болгон. Айдоочу менен бир жүргүнчү көз жумган. Унаадан өрт чыгып, күбөлөр айдоочуну сыртка алып чыгууга үлгүрбөй калышкан. Тирүү калган үч жүргүнчү жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген.
Дагы бир Camry унаасынын айдоочусу менен эки жүргүнчүсү каза тапкан. Ал эми Toyota Ist унаасынын айдоочусу жабыркаган эмес.
Учурда факты боюнча экспертиза дайындалып тергөө амалдары жүрүп жатат.