"Жер сулуусу — 2017" эл аралык сулуулар сынагында катышып жаткан бийкечтер сүрөткө түшүштү.
"Жер сулуусу" (Miss Earth) — дүйнөдөгү абройлуу сынактардын бири. Анын максаты гуманитардык көйгөйлөргө жана табиятты коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат. Сынактын жеңүүчүсү автоматтык түрдө БУУнун Курчап турган чөйрөнү коргоо программасынын элчиси болуп калат.
Аталган сынак 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат. Ага Кыргызстандын атынан 20 жаштагы Бегимай Назарова катышууда. Өткөн жылы Бегим Алмасбекова катышып, улуттук кийимдер сынагында үчүнчү орунду ээлеген.

"Жер сулуусу" (Miss Earth) — дүйнөдөгү абройлуу сынактардын бири. Ал Бириккен улуттур уюмунун колдоосу менен жыл сайын Филиппинде өтөт

Бул жылы башкы титул үчүн жер жүзүнөн барган 86 чүрөк ат салышат

Сынактын негизги максаты гуманитардык көйгөйлөргө жана табиятты коргоого коомчулуктун көңүлүн буруу болуп саналат

Жарышка чыккан сулуулар алдыңкы төрт титул үчүн ат салышат

Баш байгени багындырган бийкеч "Жер сулуусу" аталса, экинчи, үчүнчү, төртүнчү орунду ээлегендер "Аба сулуусу","Суу сулуусу" жана "От сулуусу" титулуна ээ болот

"Эквадор сулуусу" сынагынын катышуучусу Лесси Гилер Санчес

Сынактын катышуучуулары өзүнүн айлана-чөйрөнү коргоого багытталган эл аралык долбоорун даярдап барат

Баш байге ээси автоматтык түрдө БУУнун Курчап турган чөйрөнү коргоо программасынын элчиси болуп калат

Сынакта көбүнчө, тагыраак айтканда, үч жолу үй ээси аталган филиппиндик сулуулар башкы титулду багындырышкан

Аталган сынак 14-октябрдан 4-ноябрга дейре уланат.
