ОШ, 3-ноя. — Sputnik. Оштун Ноокат районунун Көк-Жар айылында Hyunday Porter унаасы жолдон өтүп баратканда коюп кеткен кишинин ким экендиги билинбей жатат. Бул туурасында аталган облустун Кайгуул милициясынын маалымат катчысы Айбек Бечелов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Анын айтымында, кырсык 2-ноябрь күнү кечке саат 22:00дөр чамасында болгон. Араван районунун Чегабат айылынын 27 жаштагы жашоочусу Hyunday Porter унаасы менен жол четинде бараткан белгисиз эркек кишини коюп кеткен.
"Жабырлануучу эркек киши Ноокат райондук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилген. Бирок алган жараатынан улам каза болуп калган. Маркумдун ким экендиги, аты-жөнү такталбай жатат", — деди Бечелов.
"Бою 170-75 см., буудай өң, чачы кара, дене түзүлүшү орто. Жашы 30-35тер чамасында. Эгер бул кишинин ким экендигин билгендер болсо, райондук милицияга кабарлап коюуну өтүнөбүз", — дешти маалымат кызматынан.
Бечелов маркум туурасында маалыматтар болсо милициянын 03222 2 30 68 жана 0551 808 088 номерлерине чалууну айтты.