БИШКЕК, 3-ноя. — Sputnik. Бишкекте жол эрежесин бузган айдоочу менен кагышып кетүүдөн качкан айдоочу түркүктү барып сүзгөнүн Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди.
Анын айтымына караганда, кырсык Лев Толстой менен Тимур Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде саат түнкү 12.00дөр чамасында катталган.
"Volkswagen Passat унаасынын айдоочусунун айтымында, ал Лев Толстой көчөсү менен бара жатканда каршы тилкеге Toyota Alteza чыга калган. Аны менен кагышып кетпеш үчүн рулду буруп жибергенде түркүктү барып сүзгөн. Натыйжада жүргүнчү эки аял катуу жаракат алган. Alteza автосунун айдоочусу изин жашырып кеткен", — деди күбө.
Эки жабырлануучу тең Улуттук травматология жана ортопедия борборуна жактырылды. Ал эми Passat унаасынын айдоочусу катуу жаракат алган эмес.
Бишкек шаардык ИИБинин маалымат кызматы факты текшерилип жатканын билдирди.