00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
7 мин
Особый акцент
От хунну до тюрков: как формировался тюркский мир Евразии
14:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу: бүгүнкү абал жана келечек
15:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Школа больших возможностей: как образование меняет жизнь детей из уязвимых семей
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
3D принтинг өндүрүшкө көмөкчү боло алабы?
17:04
40 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
Тысячи квартир по стране: итоги года и планы ГИК на 2026-й
18:07
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Чүкө – бул кыргыз үчүн жөн гана оюнчук болгон эмес. Евразия элдериндеги чүкө философиясы
19:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Генплан Бишкека: что поддерживают строители и что их тревожит
20:06
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстандагы мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алуусу: бүгүнкү абал жана келечек
21:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар. Өлкөдө 10:15. Аалы акынды албарсты басканда...

Жазылуу
Бүгүн жуманын соңку иш күнү! Алдыда эс алуу жана майрам күндөрү турат. Майрамыңызыздар кут болсун!

Кечээ "Эл ырчысы Эстебес" тобунун концертине барып, бир черден чыктым. Көргөн да, көрбөгөн да арманда. Адам жашоосунун бардык тарабын камтып, ый-күлкүсү аралаш спектакль болду өзүнчө эле. Кызыгы, көзгө көндүм кийинип жүргөн артисттер таптакыр башка амплуада чыкты. Ал эми топтун жетекчиси айтылуу акын Аалы Туткучевдин кепканы тескери кийип, рэп ырдап жатканы бир башкача көрүндү. Айтор, алкыш сиздерге өнөрпоздор. Бар болгула! Эми жаңылыкка өтөлү.

Шкафтын ичинде катылып турган гамаш, куртка, өтүктөрүңүздү алып чыгып желдетип даярдап коюңуздар. Анткени бүгүндөн тартып жайды эстеткен аба ырайы кош айтышып, кыштын илеби тосуп алары күтүлүүдө.

Баса, кышта үйүңүздүн коломтосунда от өчпөсүн десеңез азыртан көмүр алып камдап алыңыз. Кайсы жерден алам деп башыңыз катып жатса бул материал сиз үчүн.

Кечээ Жогорку Кеңеш 7-8-ноябрды Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгилөө жөнүндө токтом кабыл алды. Бирок бул жылы 8-ноябрда эс алабызбы же жокпу, бүдөмүк бойдон калууда. Анткени эмгек кодексине өзгөртүү кире элек.

Эгер 8-ноябрь эс алуу күн болбой калган чакта деле төрт күн эс алабыз. Ага улай мектеп окуучулары да каникулга чыкты. Бул күндөрү балдарыңыз алып бул жактарга барып эс алып келиңиздер. 

Сапар Исаков Ташкентке КМШга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйынына барып Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов менен жолугушту. Алар эмне тууралуу сүйлөштү… Баса, ал жакта казак премьери Бакытжан Сагинтаев да болот. Чек ара көйгөйү тууралуу кеп козглоор бекен акмалат турат.

Аз күндөн кийин Алмазбек Атамбаев тактыны бошотуп берет. Ал президент болуп турганда Кыргызстандын бюжеттинен 2,6 миллиард каражат коротуптур.

Ош шаарында суу түтүктөрүн орнотуу үчүн жер казып жаткан жарандарды үйдүн дубалы басып каза болду. Окуянын чоо-жайы менен бул жактан таанышыңыздар. 

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 69.07 (сатып алуу) жана 69.34 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 41.90 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 39.40 сом, ал эми дизель майы 37.50 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жайылган койго көз калып жамбаштап жатсаң сонун да…

Эс алуу күнүңүздөрдүн көңүлдүү өтүшүн тилеп Эламан Карымшаков.

Жаңылыктар түрмөгү
0