8-ноябрь дем алыш күнү эмес. Жогорку Кеңештин түшүндүрмөсү

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүДень знаний в Москве
День знаний в Москве - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Парламент дем алыш күндөрү боюнча мыйзам кабыл алына электигин билдирди

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Жогорку Кеңештин маалымат кызматы "Тарых жана ата-бабаларды эскерүү күнүн" дем алыш деп жарыялоо боюнча түшүндүрмө берди.

Маалыматка караганда, парламент 7-8-ноябрь күндөрү боюнча болгону токтом кабыл алганын белгиледи. Бул күндөрдү дем алыш деп жарыялоо үчүн алгач Эмгек кодексине киргизүү зарыл.

Аталган мыйзам долбоор жума күнү, 2-ноябрда Жогорку Кеңештин биринчи окуусунда кабыл алынган (Мыйзам долбоорлор үч окууда кабыл алынат). Быйыл 8-ноябрь дем алыш күнү болбой калышы ыктымал. Себеби бул жумага парламенттин жыйыны белгиленген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0