Атамбаевге Кыргызстан канча акча коротту

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү
Президент Алмазбек Атамбаевдин архивдик сүрөтү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Алмазбек Атамбаев 2011-жылдын 1-декабрында президенттик кызматка отурган. Конституция боюнча президенттик мөөнөт — алты жыл. Sputnuk Кыргызстан президенттин ишмердүүлүгүнө канча каражат жумшалгандыгын эсептеп көрдү.

БИШКЕК, 2-ноя. — Sputnik. Ачык маалыматтар негизинен жылдын соңунда жарыялангандыктан улам биз чыгымдарды 2012-жылдан тарта эсептедик. Финансы министрлигинин "Ачык бюджет" порталындагы маалыматтарга караганда, 2012-жылдын январынан тарта 2017-жылдын октябрына чейин "Президенттин аппараты" графасында бюджеттик каражаттын 2,6 миллиард сому жумшалгандыгы, ага кошумча атайын эсептен да каражат кеткендиги маалымдалган.

Графага мамлекет башчысынын резервдик фондусу киргизилген. Бул акчадан жарандарга да жардам көрсөтүлүп турат. 2012-жылдын октябрь айынан тарта 166 миллион 535 миң каражат сарпталган. Андан сырткары, социалдык колдоо көрсөткөн да фонду бар, бирок ал мамлекеттик бюджеттен каржыланбайт.

Презденттин аппаратынын чыгымдарына мамлекет башчынын жана анын кызматкерлеринин маяналары да камтылган. 2012-жылдан 2016-жылга чейин негизги кызматы боюнча Атамбаев 5 миллион 772 миң сом алган.

Бирок бул чыгымдардын толук тезмеси эмес. Маселен, президенттин мамлекеттик резиденцияда жашаган жана сапарларына кеткен чыгымдары эсептелген эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0