БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Акжол Махмудов Түркияда өткөн күрөш боюнча жаштар арасындагы эл аралык турнирде алтын медаль тагынды. Бул тууралуу маалыматты КРдин Күрөш федерациясы расмий сайтына жарыялады.
Турнир 20-21 октябрь күндөрү Түркиянын Стамбул шаарында өтүп, ага Кыргызстандын атынан сегиз спортчу катышкан. Махмудов грек-рим күрөшү боюнча 74 килограммга чейинки салмакта күч сынашып, турнирдин финалдык бөлүгүндө жергиликтүү спортчуну жеңип алган.
Махмудовдон тышкары, Халмурат Ибрагимов күмүш, Абдыкерим уулу Куттубек күмүш, эркин күрөш боюнча Таалай Орузбаев күмүш, Кунай Нурдавлетов коло медалга ээ болушту.
Махмудов быйылкы жылдын эсебинен үчүнчү ирет жеңишке жетип жатат. Буга чейин Кытайда өткөн жаштар арасындагы Азия чемпионатында алтын жана Финляндияда өткөн жаштар арасындагы Дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынган.