00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
48 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
3 мин
Жаңылыктар
17:30
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:10
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Астана Бишкектин ЕЭКке жөнөткөн каты боюнча пикирин билдирди

© Фото / Пресс-служба президента Украины / Медиабанкка өтүүАстана шаары. Архив
Астана шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика министри Казакстан ЕАЭБдин алкагында иш жүргүзүп жатканын белгилеген

БИШКЕК, 17-окт. — Sputnik. Казакстандын улуттук экономика министри Тимур Сулейменов Кыргызстандын Евразия экономикалык комиссиясына кыргыз-казак чек арасындагы кырдаал боюнча жөнөткөн катына комментарий берди. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги жазып чыкты.

"Ар бир мамлекет өзүнүн ички экономикалык кызыкчылыктарын коргоо үчүн чара көрөт. Жеке оюм боюнча кырдаалды саясатташтырбай, эки тарап ведомстволор аркылуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, маселени чечүүгө аракет кылышы керек", — деди Сулейменов.

Муну менен катар ал бардык тарап сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешке кайрылууга укуктуу экенин билдирген.

Кыргызстан менен Казакстандын чек арасында кезекте турган жүк ташуучу унаалар - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев чек арадагы тез бузулуучу азыктарды биринчи кезекке коюуну тапшырды
"Белгилеп өткүм келет, Евразия экономикалык кеңешинин, өкмөттөр аралык кеңешинин, комиссиянын кеңешинин чечими консенсус аркылуу кабыл алынат — тагыраагы, эгер кайсы бир тарап сунушталган чечимге макул эмес болсо, чечим таанылбайт. Муну эске алып коюу керек", — деди министр.

Ал Казакстан товарларды алып өтүүгө тоскоолдук кылып, ЕАЭБдин эрежелерин бузуп жатат деген Кыргызстандын доо арызына макул эместигин билдирди.

"Биз өзүбүздүн мыйзамдарга жана ЕАЭБдин алкагындагы эрежелерге таянып иш алып барып жатабыз", — деди Сулейменов.

Эске салсак, 10-октябрда, кечинде кыргыз-казак чек арасындагы үч көзөмөл өткөрүү бекетинде кезек күткөн адамдардын жана унаалардын саны өсүп, жөнөкөй элди бушайманга салган. Бир күн өткөн соң Казакстандын Улуттук коопсуздук боюнча комитети өлкөнүн бардык чек араларында атайын операция жүргөндүктөн жогорудагыдай кырдаал түзүлгөнүн маалымдаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0