ОШ, 13-окт. — Sputnik. Ош шаарындагы Курманжан Датка-2 аймактык кеңешинде алгачкы бала бакча ачылды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Курулуш иштеринин сметалык баасы 20 миллион сом болсо, тендердик баасы 10,2 миллион сомду түзъп, "Иверия" ишканасы тарабынан жүргүзүлдү.
"Бул аймак шаардан алыс жайгашкандыктан суу чыгаруу, бала бакча жана мектеп куруу маселеси көтөрүлгөн. 75 орундуу "Ширинтай" балдар бакчасы курулуп, ишке берилди. Аталган аймактык кеңешке жакынкы аралыкта түнкү жарыктандыруу коюлуп, орто мектептин имаратынын курулуш иштери аяктайт", — деп айтылат маалыматта.
Бала бакчанын ачылыш аземине Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев, шаардык кеңештин төрагасынын орун басары Бактыбек Каналиев, мекеме-ишканалардын жетекчилери жана шаар тургундары катышты.