БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Белгилүү ырчы, айтылуу "Сармерден" долбоорунун алып баруучусу Гүлбүбү Ороскул кызынын сөөгү жерге берилди. Бул тууралуу жеке булактар билдирди.
Эскерте кетсек, Гүлбүбү Ороскул кызы оорудан улам 6-октябрь күнү каза тапкан. Ырчынын артында эки кызы калды.
Эл оозуна алынган өнөрпоздун тажыясында митинг-реквием өтүп, анда кесиптештери, санаалаштары сөз сүйлөдү.
Маркумдун сөөгү Беш-Күңгөй айылына коюлду.