БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев Нью-Йоркто Visa жана Microsoft компанияларынын өкүлдөрү менен жолукту.
Жолугушууда мамлекет башчысы америкалык компаниялардын өкүлдөрүнүн өлкөдө чет элдик ири инвесторлорго шарт түзүү боюнча көрүлүп жаткан чараларга тиешелүү суроолоруна жооп берди.
Ишкерлер кеңешинин төрагасы Томас Файерстоун Алмазбек Атамбаев менен учурашып, июль айында Кыргызстанга жасаган алгачкы ишкердик миссияны жылуу сезим менен эскерди. Суроолорго жооп берип жатып Атамбаев акыркы жылдары жүргүзүлгөн реформалардын жыйынтыгында бизнес Кыргызстанга ишеним артып, өлкөгө инвестиция сала баштагандыгын баса белгиледи.
"Биз Кыргызстанды бизнес үчүн бейишке айландырабыз деген максат койдук. Эми Кыргызстанда бизнести салык кызматы гана текшере алат. Салыкты максималдуу төмөндөттүк, бизнес максималдуу корголгон", — деди Атамбаев.
Президент менен жолугушууга 2016-жылы түзүлгөн америка-кыргыз ишкерлер кеңешинин мүчөсү болгон Baker & McKenzie LLP, General Electric, AGCO Corporation компанияларынын, ошондой эле Coca-Cola, Сiti, Oppenheimer&Со, Inc, Visa Inc, Microsoft, White 64, AES, John Deere сыяктуу ири компаниялардын өкүлдөрү катышты.