00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
09:56
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жер титирөөгө каршы жаңы технология: Кыргызстанда сейсмоизоляторлор менен имараттар курула баштайт
13:04
38 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Исследователь КНУ представила данные о роли русского языка в трёх странах Центральной Азии
14:05
56 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Электрондук акча эми мураска калат: жаңы тартип кандай иштейт?
15:04
41 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Почему гепатит опаснее многих болезней которых мы боимся и как провериться бесплатно сегодня
16:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Мекенчилдик үй-бүлөдөн башталат: өз өлкөсүн баалаган муунду кантип тарбиялоо керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Более 1200 сёл в зоне риска»: МЧС — о климате, ледниках и системе оповещения населения
18:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Об экономике и не только
Деньги уходят в крипту и недвижку — потому что фондового рынка нет. Что с этим делать (и причем тут Кумтор)
20:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Амансызбы, бурадар? Өлкөдө 10:15. Жан кейип, жашоо көздөн учканда...

Жазылуу
Кутман таң! Адамзатка ыроологон ырыскыдан бирибиз да кем болбойлу.

Жашоонун баркы жан кейигенде гана билинет турбайбы. Кичине эле тикенек кирип кетсе жаның көзгө көрүнө түшөт. Ал эми башынан оор операцияларды өткөрүп, коркунучтуу илдеттерге кабылгандардын абалын айтпаса да белгилүү. Андыктан бир келген өмүрдө жулунуп-жулкунбай, колдон келсе жардамга муктаж адамдарга сооп иш жасап, ооруп калган жакындарыбыздан кабар алып коюп турсак ашыкча болбос эле.

Оору менен өлүм айттырбай келет экен. Мындан төрт жыл мурун боордун альвеококкоз оорусуна чалдыккан Чолпон Рысалиева бооруна операция жасатып, анын 75 пайызын жана өтүн алдырып салган. Эми анын өмүрү баштыкка салынган аппаратка байлануу… Эптеп басып, бирок жашоодон үмүт үзбөгөн эжени көрүп ичим ачышты, зээним кейиди. Көрсө "баарын кыйратып ием" деген адам оору менен өлүмдүн алдында алсыз экен… 

Оору сенин байлыгыңа, атаң-даңкыңа карабайт. Өмүрүнүн 32 жылын "Элес" тобуна арнаган Айдин Жумалиев да боор рагы илдетине кабылып, Түркияда дарыланып жаткан чагы. Музыкант ошол жакта дарыланып жатып, кыргыз элине жүрөктү ооруткан кайрылуу катын жазып Facebook баракчасына жарыялаган. Көрсө, боор оорусу билинбей жүрүп кармайт экен.

Ал эми коркунучтуу ВИЧ дартына чалдыккан кыргызстандык аял эмнеден коркуп, келечектен эмне күтөрүн айтып берген. Ал "биз көбөйгөндөн көбөйүп баратабыз, бул дартка чалдыкканын билбей жүргөн дагы сегиз миңге чукул адам бар" деп үрөй учурду. Эмнеси болсо да "өзүмө сак болом" десеңер жок дегенде алты ай сайын же жылына бир медициналык текшерүүдөн өтүп турууну унутпагылачы.

Билинбей эле оорунун баары сасык тумоодон башталат. Ошондуктан тумоолоп калбаганга аракет кылып дарыгерлердин кеңешин эске алып койгула. Кокустан ооруп калсаңар ага көңүл кош мамиле жасабай убагында дарылангыла.

Оозун көптүргөн чехтер. Баягы бизге "ГЭС куруп берем" деп кыйратып жаткан чех компаниясы ишти аткара албай калды көрүнөт. Ар кайсы шылтоону айта баштады эле премьер-министр Сапар Исаков Чехиянын Liglass Trading CZ, SRO компаниясы менен болгон Жогорку Нарын каскадын жана чакан ГЭСтерди куруу боюнча келишимди бир тараптуу жокко чыгаруу тапшырмасын берди.

Маанайды бир көтөрүп коелу. Өткөн аптада социалдык тармактарда таасирдүү, боорду эзген видеолор да арбын жарыяланыптыр. Аларды кабарчыбыз Эламан Кармышаков чогултуп чыкты. Көрүп алып мага окшоп бир жыргап алгыла.

Аба ырайы. Бүгүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт.

Валюта наркы. Сомдун баасы долларга карата орто эсеп менен 68.32 (сатып алуу) жана 68.59 (сатуу) сомду түздү.

Мунай баасы. Бишкекте орточо эсеп менен алганда АИ-95 үлгүсүндөгүсү 40.50 сом, АИ-92 үлгүсүндөгүсү 37.50 сом, ал эми дизель майы 35.30 сомдон сатылууда.

Соңку сөз. Жакшы иштерди көп жасап, тирүүлүктө көңүл сураганды унутпайлы!

Аманчылык тилеп, Таалайгүл Усенбаева.

Жаңылыктар түрмөгү
0