00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Рекорд! РКӨФ быйыл өлкө экономикасына 225 миллион доллар инвестиция салды
13:05
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
с Таалайбеком Ороскуловым
14:06
60 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
15:04
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Поддержка молодёжных инициатив – о конкурсах для молодых творческих школьников и студентов от АНО «Евразия»
16:04
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Жасалма интеллект жана дүйнөлүк экономика. Саресеп
17:04
35 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Выход из тени и послабления для бизнеса — как 2025 год прошел для предпринимателей КР
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Фергана өрөөнүндөгү кыргыз кыз-келиндеринин косметикалары. Тарыхчы менен маек
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Петарда, салюттар жана желим оюнчуктардын адамдын, айрыкча балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны
21:04
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Боор оорусу менен алышкан Рысалиева: аппаратты алып салсам жашай албайм

Жазылуу
47 жаштагы Чолпон Рысалиева мындан төрт жыл мурун боордун альвеококкоз оорусуна чалдыгып, азыр баштыкка салынган атайын аппарат менен гана жүрө алат. Анысы басса-турса жанында.

Төрт жылдан бери ооруканалап жүргөнүн айткан Чолпон айым азыр бул аппаратсыз (баштык) жашай албайт. Себеби дарыгерлер оору циррозго айланып, өлүмгө алып келерин айтышкан.

"Кайдан жүрүп бул ооруга чалдыкканымды азыркыга чейин түшүнбөйм. Себеби альвеококкоз эхинококкоздун бир түрү болуп, ит, мышыктардан жугат экен. Биз болсо айылда эмес, шаарда эле турчубуз. 9 жыл бала багып иштедим. Анан кайдан жүрүп ооруп калганымды билбейм, Кудайдын буйругу да… Башында дарыгерлер ооруга диагноз кое алышпай "адам болбойсуң" деп коюшкан. Бирок бир туугандарымдын жардамы менен ар кайсы УЗИге түшүп жатып, акыры Мохов деген дарыгер оорумду туура аныктап берди. 2014-жылы операция жасаттым. Бирок курт боор менен өттүн ортосунда жайгашып калгандыктан боорумдун 75 пайызын, анан өтүмдү да алып салышты. Андан соң боордогу сары сууну тазалап турган бул аппаратты коюшту. Аппарат койдурбай койсом боорго суу толуп циррозго айланып кетет экен", — деди Рысалиева.

Аппаратын Чолпон айым 7-8 айда бир алмаштырып турат. Бирөөнүн баасы 7000-9000 сомдун айланасында. Мындан тышкары, керектүү дары-дармек алып турат. Бирок өзү иштебегендиктен бардык каражат 23 жаштагы баласынын мойнунда экен.

Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы - Sputnik Кыргызстан
Эки балалуу болгондон кийин күйөөм таштап кетти... Майып келиндин арманы
"Дары-дармегимди бүт эле балам алып берет. Эптеп мени багып жаткан да ошо. Өзү курулуш тармагында майда-чүйдө иш кылат. Туугандарым кийимдерди келип жууп, үйлөрдү жыйнап кетишет. Мен үйдөн кыйратып эч нерсе деле кыла албайм, бат эле шайым кетип жатып калам. Дарыгерлер болсо "аппаратты алам десең боорду алмаштыр" дейт. Анысы Индияда 35 миң доллар турат деп уктум. Бул акчаны кайдан тапмак элек. Аппарат менен жүрө берейин десем да болбойт. Абдан оорутат, айрыкча оң капталым. Кудайдын буйругу болуп эле айыгып кетпесем… жакшылыктан үмүт кылып жашап жатам", — деди Чолпон айым.

Чолпон Рысалиеванын жолдошу жок, операциядан кийин экөө эки жолго түшүптүр. Кызы былтыр турмушка чыгып өзү менен өзү болуп кеткенин айтып, бардык үмүтү баласында экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0