БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 70 жаштан ашкан апанын машыгуусу, ырчы кызын кызганган кыргыз жигиттеринин чуусу жана башка ушул сыяктуу окуялар менен дагы бир аптаны артта калтырдык.
Sputnik Кыргызстан агенттиги узаган жумада социалдык тармактардагы кызыктуу сүрөт, видеолор топтомун сунуштайт.
Саткынбайдын убадалары. Президенттикке талапакерлигин койгон Качкынбаев Саткынбай Алдамышевич элге убада берип жаат. Муну шайласак жыргап эле жашап калат экенбиз. Кадр сыртында айткандарын эске албаганда…
Апабыздан үлгү алалы! Элдин көбү шайлоонун шарапаты менен шапар тээп жүрсө, 70тен ашкан апабыз ден соолугун чыңдоо менен алек. Ал "ден соолугуң болсо башкаларга кор болбойсуң!" деген пикирди карманат.
"Алтын такка" көтөрүлгөн ханзада. Кадимки эле кыргыз тойлорунан бир көрүнүштү ырчы Үмүтай Абдышева өздүк баракчасына жарыялады. Ал видедон сүннөт тойдо уулду "алтын такка" көтөрүп эл алдына алып киргенин көрүүгө болот. Маалыматка караганда, той ишемби күнү Балыкчы шаарында өткөн.
Кызыбызды кызганып… Кыргыз эстрада ырчысы Айпери Кубик кызы кубалык Хосе Агроманте менен өзүнүн уулуна арналган "Дани" аттуу ырын дуэт болуп аткарган. Аны менен бирге клип да тартып, сүрөттөрүн өздүк барачасына жүктөгөн. Мындан улам кызын кызганган кыргыз жигиттери ага катуу "таш ыргытышты". Кийинчерээк Айпери "Айланайын кыргызымдын жигиттери, мени кызганганды токтоткула! Хосе менен жөн гана чыгармачылык байланыштабыз. Анын сонун Елена деген аялы бар" деп жооп берген.
Бирөөнүн ырын ырдабай жүр. Бул бала автордун чыгармасын уруксатсыз ырдап алган экен, дароо кагуу жеп отуруп калды. Абайлабаса аягы ушинтип жаман бүтүп калат экен.
Эх-хх, үнүн уксаң эс аласың! Каныкей Эралиеванын "Жаз" аттуу ырын жаш жеткинчек кыз ийине жеткире аткарыптыр. Байкасаңыз, анын үнүнөн зал жарылып кетейин деп жатат. Видео Нарында тартылганы айтылууда.