Казакстандын борбор калаасына экинчи жолу барышым. Биринчисинде да жумуш менен барып анда бир күн эле жүрүп кеткенбиз. Шашып кеткенгеби, шаарды толук кыдырып, кызыктуу жерлерин көргөнгө жетишкен эмесмин. Бул жолу "ЭКСПО-2017" эл аралык көргөзмөсүнүн жабылышына барасың дегенинен абдан сүйүндүм. Астананын аэропортунан түшкөндө эле тартип, тазалык дароо байкалды. Кезек күтпөй документтерди текшертип сыртка чыктык. Бизде күн ысык болуп жаткандыктан жеңил кийинип алыптырмын, дароо шамалга урундум. Астананын кең талаасында шамал жөн эле аркырайт экен. Бирок сыртта көп турган жокпуз, эл аралык көргөзмөнүн уюштуруучулары дароо бизди автобуска отургузуп ЭКСПОнун шаарчасына жеткирип койду. Көрсө казак туугандар иш-чарага карата бири-бирине коендой окшош 42 турак үй куруптур.
Ал күнү график бош дегенинен Кыргызстандан барган дагы эки кесиптешим менен кечки Астананы көргөнү чыктык.
Такси кызматы
Жакшы экен деп жолдон бир унаа тостук дагы Астананын символу болгон Байтерекке бардык. Биздин "Ала-Тоо" аянтындагыдай элдин баары ошол жакта сейилдеп сүрөткө түшүп жүрүшүптүр. Ал жакта көчөдөгү ажатканалары чоң, ичи таза, самын, кагаздарынан бери бар, анан да акысыз болгону жакты. Мени таң калтырганы сейил бактарда, дүкөндөрдө жөө адамдардан да коляска көп экен, ар бир экинчи казактын коляска сүйрөп жүргөнүн көрөсүң. Анан да көчөдөн бирден экиден кафе-ресторанды чанда көрбөсөң, алардын баары соода-эс алуу жайларында жайгашыптыр. Баласынан карысына чейин ошол жакта.
Коопсуз шаар
Биз эки жакты кыдырып Казакстандагы кесиптештерге жолугуп отургуча түнкү саат 12ге чукулдап калыптыр. Сыртка чыксак дагы деле киши көп. Шаарга берилген жарыктардан улам түн киргенин деле байкабай калгыдайсың. Эч нерседен сарсанаа болбой, жай сейилдеп жүргөн адамдар. Ал жакта иштеген кесиптеш кыздар да "караңгыда жалгыз калсаң коркпойсуң деле, биринчиден шаар жарык, экинчиден эч ким тийбейт" дешти.
ЭКСПО
Эртеси программа боюнча ЭКСПОго бардык. Чындыгында жакшы даярданышыптыр. Аябай суктандым, казактар мактангандай эле өлкөсү гүлдөп жатыптыр.
ЭКСПОдо көзгө "Нуралем" деп аталган шар түрүндөгү имарат урунат экен. Анын ичинде жалаң Казакстандын жетишкендиктери, инновациялык технологиялар, айтор, 22-кылымдын шаарына киргендей болосуң.
Кесиптешти жоготуп алып
Ии баса, бул күнү кесиптешим экөөбүз анын операторун беш саатка чукул издедик окшойт. Аарыдай кыжылдаган элдин арасынан бири-бириңди жоготуп алсаң азап эле экен. Бизде же телефон иштебейт (кыргыз номурлар) же интернет жок. Кыргызстандан барган журналист кыз операторун "отуруп тур" деп бир павильонго кирип кетип кайра чыкса тиги бала жок. Саат төрттө баштала турган маалымат жыйынга да барбай калышты. Отурган жерин үч-төрт жолу айланып издеп келдик. Бир чети сарсанаа болуп, бир жагынан кесиптешим жинденип, жанын коерго жер таппай калды. Ошентип таппай кеч кирип баратканынан номерге кеткенбиз. Анан аны уюштуруучулар тааптыр. Көрсө тиги бала беш саат бою ошол жерде журналист кызды какыйып күтүп отуруптур. Же биз аны көрбөй калдыкбы, же ал калп айтып койдубу, билбейм, ал күнү жөн эле бутубуз түшүп калды.
ЭКСПОнун жабылышы
Баары бир өз жериңе жетпейт
Астана тез өнүктү деп суктанган менен мага бул шаар супсак сезилди. Бийик-бийик имараттар салынганы менен ал жакта адам жашабагандай жымжырт. Жолдору зымылдап чоң-чоң болгону менен унаа аз. Эли да калыпка салгандай. Жылуулук издедим, эки күндөн кийин эле бапылдаган элимди сагындым, абаны, сууну, анан да тоолорубузду сагындым. Элестетиңиз, эки күндүн ичинде эле. Эмнеге экенин билбейм…