00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Будь в курсе
Земля на пределе: почему пахотные гектары Кыргызстана стремительно превращаются в пустыню?
08:05
44 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Личный интерес
ЭкоФест Чон-Кемин: почему судьба планеты теперь в руках молодых активистов
16:05
47 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Кыргызстанда демографиялык өзгөрүү: төрөлүү эмне үчүн азайып жатат?
17:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Шанс на жизнь: как новая система экстренной помощи будет спасать кыргызстанцев при инфарктах
18:07
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Стоп-кадр
Коомго чакырык! «Балам» тасмасы маанилүү суроолорду койду
19:09
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Доктора для почв: как учат кыргызских аграриев лечить «уставшую» землю
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
2030-жылга чейин балдарды бала бакча менен камтуу 80%га жетет
21:07
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Укмуш! Дүйнө кезген таиланддык турист Кыргызстан тууралуу ролик тартты

Жазылуу
Дизайнер жана кинематографист Пит Рожвунгсурия Таиландда туулган. Ал дүйнө кезип туристтик багыттагы видео роликтерди тартып келет.

National Geographic, BBC жана Fubiz баракчаларына эмгектери жарыяланган таиланддык видеомейкер Пит Рожвунгсурия Кыргызстан тууралуу ролик тартты.

Ал өзүнүн жаңы эмгегин Sputnik Кыргызстан агенттиги менен бөлүштү. Ролик "Кыргызстанда жашагыла" деп аталат.

"Кыргызстан көпчүлүк биле элек мамлекеттердин бири. Ал Орто Азиядагы туристтер үчүн эң жеткиликтүү, ачык, кызыктуу өлкө. Анда көк тиреген тоолор, адамдын колу тие элек көлдөр бар. Саякатка чыгып укмуштуудай жаратылышына көз чаптырып, асмандагы миллиондогон жылдыздарга суктанууга болот", — деп видеонун алдына жазылган.

Тоодогу турист. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кымыз ичип, тоо аралап ат минем! Кыргызстандыктар кызыккан эс алуунун түрлөрү
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен маектешүү учурунда ал Кыргызстанга өткөн айдын аягында келгенин билдирди.

"Мен 50гө жакын мамлекетти кыдырып чыктым. Алардын ичинен Кыргызстан өзгөчө эсимде калды. Сапар учурунда Соң-Көл, Ысык-Көл, Ала-Көл, Арстанбаб жана Ошто болдум. Ошондой эле Каракол менен Кажы-Сайдан өтүп кете алган жокмун. Бардык жер өзүнүн кооздугу менен тартып турду. Видеомдо ошол керемет көрүнүштөрдү берүүгө аракет жасадым", — деди саякатчы.

Дизайнер жана кинематографист Пит Рожвунгсурия Таиландда туулган. Ал дүйнө кезип туристтик багыттагы видео роликтерди тартып келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0