Кыргызстандык Адилет Европанын 4 мамлекетин 60 миң сомго кыдырып чыкты

© Sputnik / Табылды КадырбековПутешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев
Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аз акча менен узак сапарга аттанып, бир нече мамлекеттерди кантип кыдырып келсе болорун Sputnik Кыргызстан агенттигине саякатчы Адилет Ногойбаев айтып берди.

Стамбул, Париж, Братислава, Вена… каарман бул төрт шаарды кыдырууга болгону 60 миң сом жумшаган. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы Светлана Федотова интервьюну жазып жатып, ээлирген бойдон эмгек өргүүгө чыгып кетти.

— Өзүңүздүн Youtube баракчаңыз аркылуу кыргызстандыктарга аз акча менен чет мамлекетте кантип эс алса болорун айтып берип келесиз. Акыркы жолку саякатыңызда төрт мамлекетке барып аз акча сарптапсыздар. Сыры эмнеде?

— Ооба, саякат учурунда ар бирибизге 800 евро сарпталды. Биз абдан даярданган элек. 

© Фото / предоставлено Адилетом НогойбаевымСаякатчы Адилет Ногойбаев: биз Бишкектен Стамбулга чейин эки адам үчүн билетке 211 доллар төлөдүк. Ал эми Түркиядан Парижге чейин 87 гана доллар сарпталды.
Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Саякатчы Адилет Ногойбаев: биз Бишкектен Стамбулга чейин эки адам үчүн билетке 211 доллар төлөдүк. Ал эми Түркиядан Парижге чейин 87 гана доллар сарпталды.

Алгач окурмандарга эң көп жайылган катачылыктар тууралуу айтып берейин. Жубайым экөөбүз алгачкы жолу саякатка чыкканда билбестиктен көп акча коротконбуз.

Биринчи катачылык: биз өзүбүз менен кошо абдан чоң чемодан алып алганбыз. Анын ичиндеги каражаттардын кереги тийген деле жок. Анысы аз келгенсип, Европаны кыдырган чемодандын дөңгөлөктөрү сынып калды.

Экинчи катачылык: биз маршрутту алдын ала пландаган эмеспиз. Жөн гана Германияга учуп келип, Франкфруттан Прагага кетүүнү чечтик. Бул катачылык орчундуу чыгымга алып келди. Европаны транспорт менен кыдыруу өтө кымбат экен. Жергиликтүү тургундар бир жылдык абонемент сатып алышат. Ал эми бир жолку сапарга алынчу билеттер 20, 50 евро турат.

Жата турган жерди дагы барганда издейбиз деп туура эмес кылыптырбыз. Себеби түнөк издеген туристтерге баалар заматта өсөт экен. Австриядан Франкфуртка кайтарда акчабыз түгөнүп калды. Кудай жалгап досумдун эжесин жолуктуруп калдым. Ал байкесине мен аркылуу 700 доллар берип жиберди. Моюнга ала турган убакыт келди окшойт, ал акчаны Франкфуртка жетүү үчүн колдондук. Кийин карызды албетте кайтарып бердик.

Бул окуялардын бардыгы биз үчүн сабак болуп, ашыкча чыгымсыз саякаттоону үйрөндүк.

— Демек, кантип үнөмдүү эс алса болот экен?

Польшанын Варшава шаарындагы эл аралык CBRE компаниясында финансы боюнча аналитик болуп эмгектенген, кыргызстандык Чолпон Мукамбетова - Sputnik Кыргызстан
Польшада иштеген Чолпон: Европада кыргыздыкындай үй-бүлөнү ыйык тутуу сезими жок
— Букингди колдонсоңор саякатка кеткен чыгымыңар бир нече эсе кыскарат. Авиакомпаниялардын бир сыры бар экенин байкадым. Алар кардарларын акырын "тузакка" түшүрүшөт. Сиз сайттан белгилүү бир датага ылайыктап билет сатып алдыңыз дейли, сиздин дарегиңизди компаниянын сервери эстеп калат. Кийинки жолу дагы ошол эле гаджеттен билет издегениңизде баалар кыйла кымбат баада көрсөтүлө баштайт. Ошондуктан бааларга алдын ала мониторинг жүргүзүп, өзүңүзгө ыңгайлуусун тандап алганыңыз оң.

Мындан тышкары, сайттарда баалардын өсүү жана азаюу динамикасы бар. Аны дагы карап коюш керек. Мисалы биз Бишкектен Стамбулга чейин эки адам үчүн билетке 211 доллар төлөдүк. Ал эми Түркиядан Парижге чейин 87 гана доллар сарпталды.

— Демек Бишкектен Парижге жетүү үчүн бир адамга 150 долларга жакын каражат кетиптир да. Мындай нерсени туристтик компаниялар сунуштабайт го…

— Башкысы порт-шаарларга арзан билет таап алыш керек. Мисал катары Москва же Стамбулду атаса болот. Бул шаарлардан дүйнөнүн төрт бурчуна арзан баада учуп кетсе болот.

Биз буга чейин Стамбулда болбогондуктан жакшылап кыдырууну чечтик. Парижге билетти ошого ылайыктап сатып алдык.

Стамбулдуктар эмнеси менен таң калтырды дебейсизби. Алар жаныбарларга абдан аяр мамиле жасашат экен. Көчөдө үй жайсыз тентип жүргөн иттер көп. Аларды эч ким атып жок кылбайт экен. Иттер дагы адамга үрүп койбойт. 

© Фото / предоставлено Адилетом НогойбаевымСаякатчы Адилет Ногойбаев: Париж тууралуу айта кетсем, чындап эле керемет шаар экен. Мага ал жакта жалаң актерлор жашагандай сезилди
Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Саякатчы Адилет Ногойбаев: Париж тууралуу айта кетсем, чындап эле керемет шаар экен. Мага ал жакта жалаң актерлор жашагандай сезилди

— Ошондо маршрутту кантип түзүш керек?

— Анын бардыгы сиз кайсы мамлекеттерге баргыңыз келип жатканынан көз каранды. Биз Стамбул — Париж — Братислава маршрутун тандаганбыз. Ал ортодо Венадагы досторубузга жолуга кетмекпиз. Братислава капысынан эле кошулуп калды. Себеби бул шаар аркылуу Венага билеттер арзаныраак түшөт экен. Мындай жол менен ал шаарга туристтерди тартышат. Акчасы аз эле болгондон кийин жаңы шаарды көрө кеткенге эмнеге болбосун?

— Үнөмдүү авиакаттамдарда көйгөйлөр жаралбайт бекен?

— Биз Стамбулга учуу үчүн тандаган авиакомпания менен тоскоолдуктар болгон жок. Ал эми Парижден Братиславага баруу бираз нервди жеп койду. Биринчиден, аэропорт Париждин өзүндө эмес, Бишкек менен Кеминдин ортосундай аралыктагы Бове шаарында экен. Албетте бул жөнүндө билеттин арткы бетинде кичинекей шрифттер менен жазылган. Ал жакка чейин автобустун билети 17 доллар турат. Жерине барганда авиакомпаниянын дагы бир амалын билдик. Көрсө учууга эки саат калганда өз компьютериңден онлайн каттоодон өтүшүң керек экен. Аны аэропорттон көрсөтүшүң зарыл. Болбосо, эки адамга 100 евро айып төлөйт экенсиң. Ошентип биздин чөнтөгүбүздөн автобустун акысын кошкондо 135 евро чыгып кетти. Ал эми биз билеттен 120 доллар үнөмдөгөнбүз.

— Демек, алданып калышың деле мүмкүн турбайбы?

Египеттик жаш саякатчы Могаммед Эльбанги - Sputnik Кыргызстан
Жүрөгү Кыргызстанда калган египеттик жигит менен эки ооз кеп
— Жөн гана бардык нерсеге кылдаттык менен караш керек. Эми Париж тууралуу айта кетсем, чындап эле керемет шаар экен. Мага ал жакта жалаң актерлор жашагандай сезилди. Париж — бул сөзсүз кафе жана андагы кичинекей стол. Ошондой кафелердин биринде официанттан wi-fi поролун сурай коем деп, "кагуу" уктум. Ал жөн гана "бул жакка бири-бири менен баарлашуу үчүн келишет" деп койду. Тегеректи карасам, чындыгында ушундай экен. Баары эле бири-бири менен кыжылдашып сүйлөшүп жаткан немелер. Селфи кылып же телефонду тиктеп олтурган эч кимди көрбөйсүң. Париж чындап эле өтө кымбат шаар. Бирок аны көрбөгөн киши арманда кетчүдөй.

— Мейманканада жашоо канча турат экен?

— Жакшынакай отелде бир күнгө эки кишилик номер 40 евро. Алардын сервисин карап туруп, өзүбүздүн Ысык-Көл эске түштү, "көлдөгү пансионаттарга эмнеге акча төлөп атабыз?" деп ойлонот экенсиң. Ушул эле акчага Бостериде кандай кызматтар көрсөтүлөрүн баарыңар жакшы билесиңер.

Кыскасы, Бишкектен Парижге барып келүүгө бир кишиге 300 доллар керек. Эгер атайын бир мейманканага токтобойм десеңиз, каучсерфинг аркылуу барчу өлкөңүздөн тааныш таап алсаңыз болот. Сиз алар менен алдын-ала сүйлөшүп, барар күнүңүздү макулдашасыз. Мында алар сизден акча албай эле, жөн гана конок иретинде тосот. Бирок, майда-чүйдөңүзгө баары бир колдо акчаңыз болгону жакшы. 

© Фото / Адилет НогойбаевСаякатчы Адилет Ногойбаев: келинчегим менен Эйфел мунарасына суктанып, тегерегинде сейилдеп жүргөнбүз. Бул маалда кулагыма койдун маараганы угулду. Биринчи көңүл бурган эмесмин. Бир маалда мен Кыргызстанда эмес, Франциянын борборунда жүргөнүмдү эстедим. Ошол… Чын эле кой жайылып жүрүптүр
Путешественник из Кыргызстана Адилет Ногойбаев - Sputnik Кыргызстан
Саякатчы Адилет Ногойбаев: келинчегим менен Эйфел мунарасына суктанып, тегерегинде сейилдеп жүргөнбүз. Бул маалда кулагыма койдун маараганы угулду. Биринчи көңүл бурган эмесмин. Бир маалда мен Кыргызстанда эмес, Франциянын борборунда жүргөнүмдү эстедим. Ошол… Чын эле кой жайылып жүрүптүр

— Экөөңөрдүн саясакаттагы сүрөттөрүңөрдү соцтармактан көргөн тааныштар акчасын кайда чачарын билбей калыптыр деп ойлошот го…

— Оо кудай, мен карапайым эле адаммын. Келинчегим экөөбүз тең иштеп, эл катары эле болушунча үнөмдөп, акча чогултабыз. Бишкекте орточо айлык 15-18 миң сом. Эгер ай сайын 5-8 миң сомдон чогултсаң, бир жылдын ичинде 1 000 евро чогулуп калат. Бул акчага канча эмоция алып келсе болорун билесизби? Гитлердин, Кончита Вюрстун мекенин көрдүк. Айрым шаарларда секс-азчылыктарга колдоо кылган жол чырактар бар экен. Анда биздей адамдардын үрөйүн учуруп, кыздар менен кыздардын, балдар менен балдардын сүрөттөрү тартылган. Ал эми Париждеги Эйфел мунарасынын жанында кой жайылып жүрөт.

—?..

Асель Даниярова - Sputnik Кыргызстан
Бишкектик пенсионер кантип мугалимдерди Москвага өз эсебинен алып барып калды
— Келинчегим менен Эйфел мунарасына суктанып, тегерегинде сейилдеп жүргөнбүз. Бул маалда кулагыма койдун маараганы угулду. Биринчи көңүл бурган эмесмин. Бир маалда мен Кыргызстанда эмес, Франциянын борборунда жүргөнүмдү эстедим. Ошол… Чын эле кой жайылып жүрүптүр.

Ал эми Стамбулга учуп баратканда учакта шаардык эмес, региондордо жашаган мекендештер көп экен. Көпчүлүгү "Султан Сулейман" сериалынан кийин Түркияны көрүп келүүнү чечишиптир. Кыргызстандыктар чет өлкөлөргө көп каттап калышканы мени абдан кубандырды. Жалпысынан Европага саясат бизге 60 миң сомго турду.

—Саякаттоону каалап бирок, муну кымбат деп эсептеген мекендештерге кандай кеңеш берер элеңиз?

— Акча чогултуңуз. Колдон келишинче жалгыз эмес, бирөө менен чогуу чыкканга аракет кылыңыз, арзан түшөт. Биздин чек арадан ары дагы абдан чоң, кызыктуу дүйнө бар. Аны сөзсүз көрүшүңүз керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0