БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Кыргызстанда жылдан-жылга сырткы туризм менен катар эле ички туризм да өнүгүп, эл эс алгандын ыгын биле баштады. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Кыргыз туроператорлор бирикмесинин президенти Асылбек Ражиев билдирди.
Анын айтымына караганда, кыргызстандыктардын көбү Ысык-Көлгө барса, Оштогу Сулайман-Тоо, Таластагы "Манас Ордо", Нарындагы "Таш-Рабат", Жалал-Абаддагы Сары-Челек сыяктуу кооз, өзгөчө жерлерди көрүүгө ашыккандардын катары да калыңдай баштаган.
Адис ошондой эле кыргыз жарандары өлкө ичиндеги кайсы аймактарда, кантип эс алаарын жана ички туризмди өнүктүрүүдө негизги өзөктүү маселе эмнеде экенин кенен айтып берди.
Кереметтүү Ысык-Көл
Азырынча ички туризм боюнча Ысык-Көл алдыда. Себеби ал жакта тейлөө кызматтары жакшы өнүгүп, эс алуучулар үчүн тиешелүү шарттар каралган. Мындан улам кыргызстандыктардын анын ичинде Бишкек жана Ош шаарларынын тургундарынын көбү кереметтүү Көлгө барышат.
Эко туризм
Эко туризм — ички туризмдин жаңы формасы. Мында көбүнчө шаарда окуган, иштеген жаштар тоого барып алыскы жайлоолорду, кооз жерлерди жөө же ат менен кыдырып келишет. Негизи эко туризмди жөө туризм ассоциациялары уюштуруп жүрөт. Бирок алардын кызматын баары эле колдоно бербейт. Анткени айрым жарандар өз унаасын айдап алып үй-бүлөсү же теңтуш-достору менен каалагандай эс алууну жактырышат.
Мисалга Бишкек шаарынын тургуну Адис Чапаевдин үй-бүлөсүн алса болот. Ал жубайы Эльвира Байсаева экөөбү өлкө ичиндеги кооз жайларды кыдырып эс алууну адатка айлантып алышкан.
"Кыргызстанда укмуштуудай кооз жерлер бар. Былтыр үй-бүлөбүз менен Ысык-Көлдүн күңгөй тарабын кыдырып Григорьевка капчыгайына, Көк-Жай жайлоосуна бардык. Тамтыгы чыккан жолдордон бир аз кыйналганыбыз менен жаратылыштын кооздугун көргөндө баарын унутуп калдык. Быйыл болсо атабыз Жалал-Абаддагы Сары-Челек көлүн көрсөтүп келем деп жатат", — деди Эльвира Байсаева.
Кымыз
Чоң-Кемин районунун Тар-Суу айылынын тургуну Үзүр Макеев мындан төрт-беш жыл мурун жубайы менен эч ким жашабаган суусу, жарыгы жок жерге чакан үй курган. Кийин ал жерге бээ байлап, эс ала турган жай ачып алган. Азыр анын чакан бизнеси гүлдөй баштаган мезгил. Анткени жаратылышка суктанып келген туристтер менен катар бишкектиктердин дагы саны көбөйгөн.
"Келинчегим экөөбүз башында бээ саап, сүтүн сатчубуз. Суроо-талап көп боло баштагандан улам тоонун ортосуна (кокту) чакан үй салдык. Негизи бул жайды туристтерге ылайыктап салганбыз. Бирок кийинчерээк шаар тургундары да акырындап келип, азыр туруктуу кардарга айланышты. Көпчүлүгү бээ сүтүн ичкенге келишет", — деди Макеев.
Кышкы туризм.
Кышкы туризм да өлкө жарандарынын арасында популярдуу эс алуу формасына айлана баштады. Жылдан – жылга өлкөдө бардык шарты менен тоо лыжа базаларынын саны көбөйүп, ал жакта көбүнчө өзүбүздүн жарандар эс алат. Ал эми чет өлкөлүктөр аз.
Ички туризмди өнүктүрүүдөгү негизги факторлор
Муну менен катар Асылбек Ражиев ички туризмди өнүктүрүүдөгү негизги факторлорду да атап өттү.
"Ички туризмди алдыга жылдыруу үчүн элдин социалдык-экономикалык абалын жакшыртуу керек. Анткени саякаттоого, эс алууга, ден соолукту чыңдоого баары бир каражат керек. Ошондой эле инфраструктура менен тейлөө кызматы да жакшырбаса ички туризм кайра артка кетет", — деди Ражиев.
Адистин мындай пикирине эс алуучулар да кошулат. Анткени алыскы аймактарда, тоолордо жайгашкан кооз жайларга саякаттайм деген эс алуучу аңгыл-дөңгүл жолдон чарчап, начар шартка ынанбай калуусу толук мүмкүн.
Ал эми туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов Кыргызстанда туризм жаңы гана өнүгө баштагандыктан тейлөө жагы аксап жатканын, бирок жакынкы аралыкта жөнгө салынаарын билдирди.
"Туризмде тейлөө жагы азырынча аксап жатканы менен беш жылдын ичинде бутка турат деген үмүт бар. Учурда мамлекеттик тарыхый жерлерге шарттарды түзүүгө аракет кылып жатабыз. Ал эми мейманка, эс алуу жайларды курууну жеке секторлор ойлоно башташы керек. Ошондо гана ал жактарга жеке эле туристтер эмес, өзүбүздүн жарандар да келе баштайт",— деди Жаманкулов.
Ал ошондой эле өлкө ичинде эс алуу чет өлкөлөргө салыштырмалуу көп деле каражатты талап кылбай турганын баса белгилеп, болгону каалоо болуш керектигин кошумчалады.