Бишкекте "Каракчылыкка жол жок" акциясы болуп өттү

© Фото / пресс-служба КыргызпатентаКечээ Бишкек шаарында "Каракчылыкка жол жок" акциясы болуп өттү
Кечээ Бишкек шаарында Каракчылыкка жол жок акциясы болуп өттү - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акция Кыргызстанда 14-16-сентябрь күндөрү өтө турган "Антиконтрафакт-2017" эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү

БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. Кечээ Бишкек шаарында "Каракчылыкка жол жок" акциясы өткөндүгүн Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын максаты — эл арасында жасалма, сапатсыз продукцияга негитивдүү көз карашты калыптандыруу.

"Контрафактык азык-түлүк, буюм-айымдар, кийим-кечектер мамлекеттин экономикасына гана зыян келтирбестен, элдин, кийинки муундун саламаттыгына дагы залакасын тийгизет, — деди "Кыргызпатенттин" жетекчиси Досалы Эсеналиев.

Акцияга жыл сайын активдүү катышып келген эстрада жылдыздары бул жолу дагы күйөрмандарын бирөөнүн эмгегин уурдап алган "ишкерлердин" сунуштаган товарларынан баш тартууга чакырышты.

Акция Кыргызстанда 14-16-сентябрь күндөрү өтө турган "Антиконтрафакт-2017" эл аралык форумунун алкагында өткөрүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0