БИШКЕК, 4-сен. — Sputnik. Голливуд жылдыздары Брэд Питт менен Анжелина Жоли кайра жараша турган болду. Бул туурасында алардын биографы Daily Mail басылмасына айтып бергенин РИА Новости жазды.
Биограф Гальпериндин айтымында, жубайлар мындан бир айдан ашык убакыт мурда Беверли-Хиллздеги үйүндө кездешип, кепке келишкен.
"Биринчи кадамды Брэд жасап, келди. Андан соң алар кучакташып калышты", — деп айтып берген биограф.
Экөөнүн он айдан берки алгачкы жолугушуусу алардын ажырашуусун жөндөп жаткан кеңешчинин жардамы менен болгон.
"Азыр маанайлары жакшы. Жубайлар бири-бирин дагы деле жакшы көрө тургандыгын байкоого болот", — деген Гальперин.
Эми актер балдары менен каалаганча жолугууга мүмкүнчүлүк алган.
Жубайлар 2014-жылдын август айында баш кошкон. Алар 2004-жылы "Мистер жана миссис Смит" тасмасы тартылып жатканда жолугуп, ошондон бери чогуу жашап келишкен. Жубайлардын өздөрүнүн үч баласы болсо, дагы үчөөнү асырап алышкан.
Голливуд жылдыздарынын ажырашып жатканы 2016-жылдын сентябрында маалымдалган.
Буга чейин басылмалар Брэд асырап алган уулу Мэддокско жасаган жаман мамилеси тууралуу жазган эле.