Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда КРдин Эл артисти, айтылуу төкмө Тууганбай Абдиевдин 80 жылдык мааракесине арналган XI эл аралык кыргыз-казак айтышы өтүп жатат.
Байге фондусу 2 миллион сомду түзгөн таймашта кош байге каралган. Мында эки өлкөдөн сегизден акын айтышып, бүгүнкү сөз таймашына Кыргызстандан Амантай Кутманалиев, Идирис Айтибаев, Болот Назаров жана Асылбек Маратов, ал эми казак төкмөлөрүнөн Сара Токтомушева, Айбек Калиев, Мухтар Ниязов жана Рүстөм Кайыртай уулу чыкты.