БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Белгилүү ырчы Элмира Кайып кызы көз жумду. Бул тууралуу анын сахналаш достору билдирди.
Маалыматка ылайык, ырчы 31-август күнү ооруканада операциядан кийин көз жумган. Ал узак убакыттан бери дарыланып келген.
Кайып кызы Токтогул Сатылганов атындагы филармониянын алдындагы эки жылдык студияны жана Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун бүтүргөн. Чыгармачылык жолунда "Ак куулар сени сагынар", "Калды эсимде", "Булбулум" аттуу чыгармаларды аткарып элге таанымал болгон.
Ырчынын артында бир кызы калды. Анын сөөгү туулуп-өскөн Жети-Өгүз районунун Ак-Терек айылында жерге берилет.