БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. 29-августта түнкү саат 1:15тер чамасында 50 жаштагы Т.К. аттуу жаран Фрунзе көчөсүнөн түштүктү көздөй Toyota Land Cruiser машинасын айдап баратып, рулду башкара албай, жол жээгиндеги түркүктү сүзгөн. Бул тууралуу шаардык милиция билдирди.
Кырсык болгон жерге Кайгуул милициясы менен Тез жардам кызматы да келген.
"Айдоочу оор жаракат алып, Бишкектеги травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген. Жабырлануучу ооруканадан үзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.
Бардык материалдар чогултулуп, тергөө бөлүмүнө берилип, бардык экспертизалар дайындалды. Маркум кандай абалда экени азырынча тактала элек, тергөө амалдары жүрүүдө.
Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рысбаев жол кырсыгынан Афган согушунун ардагерлеринин республикалык кеңешинин төрагасы Тыныбек Кадыров каза болгонун тастыктаган болчу.