Бишкек мэриясы эгемендик күнүндө кандай фейерверк атыларын маалымдады

© Sputnik / Табылды КадырбековМайрамдык салюттун фонундагы Кыргызстандын желеги. Архив
Майрамдык салюттун фонундагы Кыргызстандын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйыл Кыргызстан эгемендүүлүктүн 26 жылдыгын белгилеп жатат

БИШКЕК, 31-авг. — Sputnik. Эгемендик күнүнө карата атыла турган фейервек 8 мүнөткө созулат. Бул тууралуу мэриянын маданият башкармалыгынын жетекчи орун басары Тургун Токтогул уулу билдирди.

Майрамдык фейерверк "Ала-Тоо" аянтындагы майрамдык концерт аяктагандан кийин саат 22:00дө башталат.

Токтогул уулунун айтымында, фейерверктер 35 метр бийиктиктен 100 метр бийиктикке чейин атылат.

Жаңылыктар түрмөгү
0