БИШКЕК, 29-авг. — Sputnik. Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков Гүлнур Төралиеваны өкмөт аппаратынын маалымат кызматынын жетекчиси кылып дайындоо боюнча буйрукка кол койду. Бул тууралуу өкмөттөн билдиришти.
Жаңы дайындалган маалымат кызматтын жетекчиси Кыргызстан-Россия славян университетинин журналистика факультетин, 2010-жылы Лондон университетин аяктаган.
Белгилей кетсек, Төралиева Жоомарт Оторбаев премьер-министр болуп турган кезде да өкмөт аппаратынын маалымат кызматын башкарган.