Кур аякка бата жүрбөйт. Кыргыздар бата алыш үчүн сөзсүз алгач дасторкон жайып, кан чыгарып, адамдардын курсагын тойгузган. Соңунда гана бата алган.
Себеби жок бата сурабайт. Негизи той-ашты элдин батасын алуу үчүн өткөрөт. Үйлөнүү тойдо "алганың менен тең кары" же келинге карата "көшөгөң көгөрсүн" сыяктуу сөздөр батага барабар болгон. Ошондой эле алыс сапарга кетип жатканда, кырсык чалганда да элдин батасын алыш үчүн түлөө өткөргөн. Элибиз эч качан себеби жок элди батага чакырган эмес.
Жөн киши бата бербейт. Батаны сөзсүз айылдын аксакалы, көптү көрүп-билген, акылман, улуу адамдар берген. Элге, эл ичинде той же түлөө берип жаткан адамга Жараткандан жакшылык, токчулук, аманчылык сурайт. Ошондой эле бата берген адам аны супсак кылбай, маанилүү кылып өтүп жаткан тойго ылайыктап туруп айтуусу керек.
Алакан жайбай бата бербейт. Бата айтылып жатканда сөзсүз ошол жердеги адамдын баары алакан жайышы керек. Канчалык алакан жайган адам көп болсо, бата ошончолук кабыл болот деп айтып коюшат.
Бата берилмейин эл тарабайт. Той же түлөө болобу, сөзсүз бата тиленгенден кийин гана эл үйүнө тараган. Ошондой эле үйдө болсо да бата кылынмайынча дасторкон четинен туруп кетүү уят деп эсептелет.