Кыргызстанда ар жылы уюштурулуучу "Оймо" фестивалы өтүүдө. Анын алгачкы бөлүгү Бишкек шаарында башталып, андан соң Чолпон-Ата шаарын көздөй бет алды. Иш-чарада колго жасалган өзгөчө буюмдардын көргөзмөсү болуп, каалоочулар жактырган нерселерин сатып алышса болот.
Европада өткөн жумада кыз-келиндер арасында жээктеги регби чемпионаты уюштурулду. Оюндун жыйынтыгында россиялыктар жеңүүчү аталды.
Байконур космодромунан учкан "Союз МС-05" кемеси Эл аралык космостук станция менен жалгашты. Анын учканы Кыргызстанда дагы көрүндү.

Австралиянын Клагенфурт шаарында бодиарт боюнча эл аралык фестиваль өттү

Эл аралык "Оймо" фестивалы 2006-жылдан бери өтүп келет. Быйыл ага түрдүү мамлекеттерден 150 кол өнөрчү катышты

Лондондогу парламент имаратынан анча алыс эмес жерде цирктин артисттери өнөрлөрүн тартуулады

Даниянын Копенгаген шаарында Санта-Клаустардын бүткүл дүйнөлүк конгрессинин катышуучулары салтка айланып калгандай сууга түшүштү

Европанын пляж регбиси боюнча чемпионаты. Сүрөттө Белоруссия менен Грузиянын оюнчулары

"Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ААКтын кызматкери иш учурунда

Төөгө артылган жүктүн үстүндө ойноп жаткан балдар. Синьцзян-Уйгур автономдуу району (Кытай)

Индияда болгон суу ташкынынан кийин таза суу үчүн кезекте турган жарандар

Индустардын Наг Панчами фестивалы учурунда сыйынуучу жайда бөтөлкөдөн суу ичип жаткан макака маймылы. Индия

Ляньюандагы "миньондордун" рафтинги (Хунань провинциясы, Кытай)

Учкуч Хуан Веларде (Испания) Казань шаарында өткөн Red Bull Air Race чемпионатында чеберчилигин көрсөтүүдө

"Байконур" космодромунан учкан "Союз МС-05" кемеси Новосибирскиден дагы көрүндү

Франциянын түштүгүндө ири өрт чыгып, 10 миңдей киши коопсуз аймактарга көчүрүлдү. Тилсиз жоо менен күрөшүүгө авиация да тартылды

Пионерлер Пхеньяндын борбордук бөлүгүнө коюлган Ким Ир Сен менен Ким Чен Ирдин эстелигинин айланасын тазалашууда

Колумбияда өткөн Medellin's fashion week мода жумалыгы

Стамбулга мөндүр аралаш жаан жаап, шаардагы жашоону алай-дүлөй кылды. Анын кесепетинен "Ататүрк" атындагы аэропорттогу бардык рейс токтотулду

Эл аралык аскер оюндарынын алкагында Танк биатлону боюнча мелдеште кыргызстандыктар үчүнчү болду. Биринчиликти орустар алса, экинчиликке сербдер татыган

Крымдагы Чокракское деңизинде эс алгандар
