БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Бишкектеги Радищев менен Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак жайда чыккан өрт толугу менен өчүрүлдү. Бул тууралуу ӨКМден маалымдашты.
Кырсыктын кесепетинен турак жайдын чатыры күйүп, жанаша турган үйгө да жармашкан. Натыйжада кошуна үйдүн сарайы менен ажатканасы күйгөн.
Жеринде үч өрт өчүрүүчү унаа иштеген.