Бишкекте жер үйдө өрт чыгып, жалын жанаша турган үйлөргө да жабышты

© Sputnik / Табылды КадырбековРабота сотрудников пожарной службы Кыргызстана
Работа сотрудников пожарной службы Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерде үч өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат

БИШКЕК, 27-июл. — Sputnik. Борбор калаадагы Радищев менен Карасаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги турак жай күйүп жатканын ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Тилсиз жоо тууралуу билдирүү саат 17:04тө түшкөн.

"Алдын ала маалыматка ылайык, турак жайдын чатыры күйүп жатат. Өрт жанаша турган үйгө да жармашты", — деп айтылат маалыматта.

Кырсык болгон жерде үч өрт өчүрүүчү машина иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0