Кыргызстанда коркунучтуу оорулар боюнча беш күндүк семинар өтөт

© Sputnik / Сергей Венявский / Медиабанкка өтүүЛаборатория кызматкери. Архив
Лаборатория кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарында башталган семинарга дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген адистер катышат

БИШКЕК, 18-июл. — Sputnik. 17-июлдан тарта Кыргызстандын аймактарында ВИЧ/СПИД, кургак учук жана гепатит С дарты боюнча беш күндүк семинар болоорун Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынын өкүлү Елена Баялинова билдирди.

"Семинарда ВИЧ/СПИД, кургак учук жана гепатит С ооруларын жуктуруп алуу коркунучунда турган топтогу адамдардга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана сунуштамалар боюнча талкуу болот", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, кечээ, 17-июлда Бишкек шаарында башталган бул иш-чарага дүйнөнүн 20 өлкөсүнөн келген адистер катышат.

Жаңылыктар түрмөгү
0