БИШКЕК, 9-июл. — Sputnik. Бишкек шаарында өткөн Куран жарышы аяктап, жеңүүчүлөр аныкталды. Бул тууралуу муфтият билдирди.
Эске сала кетсек, облустардан тандалып алынган катышуучулар 10 пара (Курандын 1/3 бөлүгү), 20 пара (Курандын 2/3 бөлүгү жана 30 пара (Курандын толук айтылышы) боюнча жарышкан.
Сынакка калыстар көз салып, 10 пара боюнча Абдурахман Каландаров, 20 пара боюнча Абдуроуф Закиров жана 30 пара боюнча Абдулло Закиров биринчиликти багынтышты.
Ал эми кыздар арасында өткөн сынакта кызыктыруучу сыйлыктар менен Амина Саисламова менен Разия сыйланышты.