Дүйнөлүк Куран жарышта Кыргызстан үчүнчү орунду ээледи

© AFP / SANJAY KANOJIAКуран китебин окуп жаткан адам. Архив
Куран китебин окуп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мелдеш апта ичинде Индонезияда өтүп, ага 17 мамлекеттен келген өкүлдөр катышкан.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Дүйнөлүк Куран жарышта Кыргызстандын намысын коргогон Абдурахман Закиров 3-орунду ээледи. Бул тууралуу муфтияттан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын намысын коргоо үчүн төрт жаран барган.

"Үчөө Куран жарышына катышса, бирөө хадис боюнча күч сынашты. Сынактын жыйынтыгы боюнча Сокулук районунун Жаңы-Жер айылындагы медресенин тарбиялануучусу 19 жаштагы Абдурахман Закиров Куран жаттоо боюнча 3-орунду багынта алды", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы жыл сайын өлкө боюнча Куран жарыштарын өткөрүп турат. Анда жакшы көрсөткүчкө жетишкендер дүйнөлүк сынактарга жолдомо алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0