Олигарх көлгө эки дельфин салды деген кабарга облус жетекчилиги түшүндүрмө берди

© Sputnik / Михаил Мокрушин / Медиабанкка өтүүДельфинарий в Севастополе
Дельфинарий в Севастополе - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Социалдык тармактарда бай адамдардын бири Ысык-Көлгө эки дельфин коё берди деген маалымат талкууга алынууда.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Ысык-Көлгө эки дельфин коё берилди деген маалымат чындыкка коошпой турганын өкмөттүн Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарымдуу өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы Sputnik агенттигине билдирди.

Социалдык тармактарда бай адамдардын бири Ысык-Көлгө эки дельфин коё берди деген маалымат тарап, айрымдары буга ишенип алышкан.

Маалымат кызматтын ырасташынча, дельфиндер Ысык-Көлдө жашап кете албайт. Ага бир топ себептер бар, мисалы суунун курамы жана бийик тоолуу аймак жаныбарларга туура келбейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0