Нурзат Токтосунова 34 жашта. Алып баруучу тууралуу 6 чындык

© Sputnik / Табылды КадырбековИнтервью с телеведущей Нурзат Токтосуновой
Интервью с телеведущей Нурзат Токтосуновой - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 2-июль белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунованын туулган күнү. 34 жаштагы алып баруучу тууралуу журналист Гүлдана Талантбекова 6 чындыкты сунуштайт.

Жайлоогүл болуп кала жаздаган Нурзат

Белгилүү алып баруучу Нурзат Токтосунова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова: бир айда үй алууга жеткидей акча табууга болорун билбептирмин
— Токтосунова Нурзат Темирболотовна 1983-жылы 2-июлда Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Ичке-Суу айылында жарыкка келген. Нурзат Каркыра жайлоосунда жарыкка келгендиктен үйүндөгүлөр Жайлоогүл деген ысымды ыйгармак болушат. Анткени менен Гуля аттуу таежеси кыз чоңойгондо атынан корунбасын деп ортого түшүп, Нурзат ысымы ыйгарылат.

Нурзатты атасы Токтосунов Темирболот 52, апасы Токтосунова Бүбүш 44 жашында көргөн. Сегиз бир туугандын кенжеси. Алар: Тогузбай, Теңизбай, Доктурбай, Мукамбет, Гүлнара, Максат, Элмира жана Нурзат.

Казанга жасалган оромо, жайлоодогу каникул

Мектепте активдүү окуучулардын катарын толуктап, 7-11-класска чейин президент болгон. Жайкысын үч ай жайлоодо жүрүп, уйду, бээни саап, казанга тамак жасаганын көп эстейт. "Тогуз жашымда биринчи жолу казанга оромо жасап, чөптөн келе жаткан байке-жеңелеримди тосуп алып таң калтыргам",— дейт ал. 

© Sputnik / Табылды КадырбековНурзат Токтосунова кесипшети Алтын Камчиев менен Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын эгемендигинин 25-жылдыгынын концертинде
Праздничный концерт на площади Ала-Тоо в честь 25-летия независимости Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Нурзат Токтосунова кесипшети Алтын Камчиев менен Ала-Тоо аянтында Кыргызстандын эгемендигинин 25-жылдыгынын концертинде

Билими

Мектепте өткөрүлгөн кыргыз тили боюнча олимпиаданы жеңип алып, Эл аралык Ататүрк-Алатоо университетинин эр аралык мамилелер факультетине тапшырган. 2012-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство университетинин социалдык маданий ишмердүүлүк факультетин бүтүргөн. Учурда Ишенаалы Арабаев атындагы окуу жайда аспирантурада окуп, эки жылдан бери "Манас" эпосундагы символикалар боюнча кандидаттык ишин жазууда.

Кызыл тилге салынган алып баруучулукка карай жол

Телевидениеге кастинг аркылуу келип, алып баруучулукка 150 кыздын арасынан суурулуп чыккан. 2005-жылы 25-февралда биринчи жолу эфирдин босогосун аттаган. Улуттук хит-парад музыкалык программасында жарым жыл иштегенден кийин жеке фирмада эмгектенип калат. Андан соң "Браво" программасында сегиз ай иштеген. 

© Тынчтык ТурдалиевТелевидениеге кастинг аркылуу келип, алып баруучулукка 150 кыздын арасынан суурулуп чыккан
Известная телеведущая Нурзат Токтосунова  - Sputnik Кыргызстан
Телевидениеге кастинг аркылуу келип, алып баруучулукка 150 кыздын арасынан суурулуп чыккан

Окуучусу күйөөсүнө айланган

Нурзат Токтосунова "Нур" алып баруучулар мектебинин негиздөөчүсү. 2012-жылы болочок жолдошу Максат Надырбеков академияга окуганы келет. Кийин Нурзат экөө кесиптешке айланып, бара-бара көңүлдөрү төп келип, 2015-жылы 20-июнда баш кошкон.

 

 

Нурзат тууралуу биз билип-билбеген чындыктар

  • 6 жашынан бери чачын узун кылып алып жүрөт
  • Бою 165 см., салмагы 56 см. болгону менен, бутунун өлчөмү 35 сантиметр
  • Мектепте бир да жолу бештен бөлөк баа алган эмес
  • Чыгармачылыктагы алгачкы гонорарын 2005-жылы Ошко концерт менен барып, коомдук ишмер Кылычбек Султановдун колунан 500 сом алган.
  • Корккону — бийиктик.
  • Күндөлүк жазат. Журналистика тармагына кызыккан жаштарга күндөлүк жазганды сунуштайт.
  • Параплан менен учууну кыялданат. Спорттун сууга сүзүү түрү менен машыгат.
Жаңылыктар түрмөгү
0