Көк урсун, Жер урсун, Ант урсун... Ант урабы же урбайбы?

© Sputnik / Табылды КадырбековЧуңкурчак капчыгайындагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив
Чуңкурчак капчыгайындагы этнофестивалдын катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ант берүү ар бир элде болгон касиеттүү түшүнүк. Анын күчү менен эчен дөөлөттөр курулуп, эчени талкаланган, сүйүүлөр жооп таап, тукум өскөн... Колумнист Шаакан Токтогул баштапкы башаттан алыстаган анттын жазмышы менен каргышы тууралуу ой-толгоосун сунуштайт.

Ант деген эмне?

Ант – бузулбаган убада, сөзсүз орундала турган сөз, кайтпаган касам, жанбаган шерт. Байыркы башатта ал ыйык болгон. Ошондукта, андан кайтпаганга кам көрүшкөн. Кыргыз коомунда ант эле эмес, ооздон чыккан ар бир сөз чындык болууга, аткарылууга тийиш болчу. Ошондон улам "ойноп сүйлөсөӊ да, ойлоп сүйлө" дешкен. "Ооздон чыккыча сөз кишинин кулу, ооздон чыккан соӊ киши сөздүн кулу" болот деп да айтышкан.

Анттын сыры, күчү, касиети

Телефон менен суйлошуп жаткан ачтан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кулак тууралуу баян же кулагыӊызга күмүш сырга
Сөздүн энергетикалык мааниси тууралуу билебиз. Ооздон чыккан ар бир сөз же оомат же кырсык алып келерин да окумуштуулар далилдешти. Анттын сыры – анын куру сөздөн күчтүү магиялык касиетинде. Ал сөзсүз орундалууга тийиш, орундалбаса ал ант берген кишини алып тынат.

Анттын күчүн каргыш менен бекемдешет, башкача айтканда Көктү, Жерди, Сууну, Отту, Нанды, Тузду, Арбакты оозанып карганышат. Анттын касиети ушунчалык, киши ант бергенде анын түпкү теги, ата-бабасынын арбактары, кайып дүйнөнүн өкүлдөрүнүн баары күбө болушат жана анын аткарылышына көмөк көрсөтүшөт.

Антташуунун түрлөрү

  1. Жигиттер жоого аттанаарда каны-жаны менен Ата журтун коргоого, бири-бирин душманга таштап кетпегенге кылычтын мизин өөп антташышкан.
  2. Күнөөсү жок экенин далилдеш үчүн нан тиштеп, туз жалап ант берген.
  3. Душман колунан каза тапкан жакыны үчүн өч алууга мүрзө тегеренип ант берген.
  4. Курман болгон көпчүлүк үчүн кара койдун канына колун малып канга кан, жанга жан алууга антташышкан.
  5. Колдун, кошуундун сырын сатпаганга ок тиштешип антташышкан.
  6. Эл башындагы кишилер ата-бабанын арбагын, Көктү оозанып ант беришкен. Ушундайча өзүнүн адил ажо болорун далилдешкен.
  7. Кичинекей балдар чыбык кыркышып достошууга антташышкан.
  8. Бири-бирине түбөлүк кам көрүп, кандаш тууган болуш үчүн чыпалактан кан чыгарып, бириникин бириникине тийгизип же канды соруп антташышкан.
  9. Достуктун дагы бир анты — бир эненин эмчегин ээмп антташуу болгон.
  10. Жубайлар түбөлүк бир болуп, ысык-суукта таштап кетпегенге шилекей алышып, суу жутуп антташышкан.

Азыркынын анты

Салбурун оюнунун катышуучулары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баатыр деген ким? Кыргыздагы баатыр түшүнүгү
Бүгүнкү күндө депутаттар, президент, жоокерлер Ата журтка адил кызмат кылып, эл үчүн иштөөгө ант беришет. Ал эми дарыгерлер адам өмүрү колунда турганда бар күчү менен аны сактап калууга шерт кылышат. Албетте, алардын канчалык деӊгээлде аткарылып жаткандыгы башка кеп. Негизи ар кимдин өз антынын жоопкерчилиги өзүндө болот.

Жыйынтык

Кан кечишкен жолдоштон уккан эӊ жаман каргыш "Ант урсун" деген каргыш болгон. Демек, ант бул ооздон чыккан жел эмес, жаземдебей аткарылууга тийиш болгон, эгер аткарылбаса кишиге зыян алып келген ыйык күч. Сөзүмдүн аягында Манас атанын кыргызга берген антынан үзүндү келтирем.

Манас атанын анты

Тебелетип душманга
Ыйык кыргыз жеримди
Кор кылып карап жаткыча,
Асыл кыргыз элимди
Туулбай туна чөгөйүн,
Тирүү жүрбөй өлөйүн.
Аткарбасам антымды
Ата-баба салты урсун
Ок тиштешкен ант урсун,
Төшү түктүү Жер урсун,
Төбөсү бийик Көк урсун,
Көкө Теӊир өзү урсун!!!

Жаңылыктар түрмөгү
0