БИШКЕК, 15-июн. — Sputnik. Быйылкы жылдын 15-июнунан тарта Кыргызстандын президенти болом дегендер талапкерлигин расмий түрдө көрсөтө алышат. Бул туурасында Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.
Жогорку Кеңеш кечээ, 14-июнда президенттик шайлоонун күнүн 15-октябрь деп бекиткен токтом чыгарган.
"Президенттик шайлоого катыша турган талапкерлерди көрсөтүү шайлоо датасын жарыялаган күндүн эртесинен баштап, тагыраагы 15-июндан тарта башталат", — деп түшүндүрдү Бегматов.
Ал талапкерлерди саясий партиялар, андан сырткары, өздөрү сунуштай ала тургандыгын айтып, арыздарын берүүгө уруксат кылынганын кошумчалады. Каалагандар талапкерлигин 2017-жылдын 1-августуна чейин көрсөтө алат.