Орозова: жаңы төрөлгөн балдарга 4 миң сомдон сүйүнчү берилет
Демилге ишке ашса, жаңы төрөлгөн балдарга 4 миң сомдон сүйүнчү берилет. Бул тууралуу КСДП фракциясынын депутаты Карамат Орозова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган демилгени камтыган мыйзам долбоору парламенттин экинчи окуусуна киргизилет.
"Сунушталып жаткан демилгеге ылайык, жаңы төрөлгөн балдардын сүйүнчүсүнө 4 миң сом берилет. Ал эми тоолуу райондордо төрөлгөндөргө бул сумманын үстүнө кошумча акча чегерилет", — деди Орозова.
Эл өкүлү үч жашка чейинки балдарга 700 сомдон жөлөк пул төлөнөрүн, бул көрсөткүч тоолуу аймактарда көбүрөөк болорун кошумчалады.