Бейтааныш киши унаасын Бишкектеги ЦУМдун алдына токтотуп, унаа токтотуучу жайларга кире турган жолду тосуп калган. Айдоочу унаасын алып койгондун ордуна унаа токтотуучу жайдын тескөөчүсүн коркутуп кирген. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине окуяга күбө болгон жаран билдирди.
"Көйгөй жараткың келип турабы?! Күтүп тур, иштен кийин сени өзүм алып кетем", — деп эреже бузган айдоочу оңураңдаган.
Эгер сиз кандайдыр бир кызыктуу окуяга туш болсоңуз жаңылыкты WhatsApp номер +996 706 566 544 аркылуу жөнөтсөңүз болот.