16:57 23 Жетинин айы 2017
Түз эфир

WhatsApp, Telegram менен калктан кабарларды кабыл алабыз!

WhatsApp, Telegram менен калктан кабарларды кабыл алабыз!

Sputnik Кыргызстанга  +996 706 566 544 номери менен кабарыңызды жөнөтсөңүз болот.

Учурдагы салттуу медиа бүгүнкү адамдын маалыматка болгон суроо-талаптарын толук камсыздай албайт.

Бирок жаңы технологиялар ар бир адамга жаңы маалымат булактарын активдүү калыптандырып, көзөмөлдөп, ал тургай өзү жазууга да мүмкүндүк берет.

Sputnik Кыргызстан өзүнүн окурмандарынан ыкчам маалымат алып туруу үчүн WhatsApp жана Telegram номер ачат.

Эгер сиз маанилүү окуяга күбө болуп, фотоаппаратка, телефонго сүрөткө тартып же видеого жаздырып алган болсоңуз, медиа-файлдарыңызды бизге жөнөтүңүз.

Sputnik Кыргызстан сиз жиберген маалыматты өз сайтына чыгарууга кызыгат. Окуялар, жаңылыктар жөнүндө маалыматты +996 706 566 544 номери менен биздин WhatsAppка же Telegramга жибере аласыз.

Биз курч, көйгөйлүү, коомду кайдыгер калтырбаган жана кызыктуу материалдарды жарыялайбыз. Башкы шарт — аларды алуу Кыргызстандын мыйзамдарына каршы келбеши керек.

Материал жөнөткөн колдонуучу материалдарын Sputnik  агентигине кайтарымсыз жана аны колдонуу укугу менен чогуу берет.

Sputnik Кыргызстан редакциясы алынган материалдарды андан ары пайдалануу жана жарыялоо укугун өзүнө калтырат. Ошондой эле, милдеттүү түрдө маалымат булагын жана аны алуу жолдорун көрсөтөт.