БИШКЕК, 30-май — Sputnik. Бүгүн болжол менен саат 20.00дөр чамасында Жаш Гвардия бульвары менен Боталиев көчөсүнүн кесилишинде маалымат агенттиктердин биринде иштеген журналист Алтынай Жалмамбетованы унаа сүзүп кетти. Бул туурасында анын кесиптештери маалымдады.
Билдирмеге ылайык, журналист кызды Toyota үлгүсүндөгү унаа койдуруп кеткен. Аны Тез жардам кызматы Бишкек травматология жана ортедия илим изилдөө борборуна жеткирген. Алдын ала маалыматтар боюнча анын акыреги сынганы айтылууда.
Ал эми Бишкек ШИИБдин маалымат кызматы Кайгуул милиция бул окуя боюнча 21 жаштагы айдоочууну наркология бөлүмүнө алып келип анализдерин алып жатканын билдирди.