БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Азирети муфтий Максатбек ажы Токтомушев Москва жана бүткүл Россиянын патриархы Кирилл менен жолугушту. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди.
Жолугушууда тараптар адам баласынын жалпы касиеттик сапаттарын ойготуу, экстремизм, терроризмдин алдын алуу, диндер аралык ынтымакты бекемдөө, эки мамлекеттин ортосундагы достук, Ислам жана Провославиянын эзелтен берки тынчтыгы туурасында пикир алышты.
Жолугушуунун соңунда тараптар белек-бечкектерин ыйгарышып, ыраазычылыктарын билдиришти.