БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Дене тарбия жана спорт агенттиги армрестлинг боюнча Азия чемпионатына карата спорттук экипировка алуу үчүн тендер жарыялады.
Мамлекеттик сатып алуулар порталына жарыяланган маалыматка караганда, агенттик спортчулар үчүн алына турган шайман, кийим-кечеге 1 миллион 042 миң 500 сом сарптоого даяр.
Тендер 25-майда жарыяланып, мөөнөтү 1-июнда аяктайт.